25 Ağustos 2016 Perşembe

Киришүү

Киришүү

Адам бул дүйнө жашоосунда напсисиндеги жамандыктарды жеңип, өмүрүн Аллах ыраазы боло тургандай өткөрүүгө милдеттүү. Бул үчүн болсо ага орточо алтымыш жетимиш жыл сыяктуу өтө аз убакыт берилген. Аллах Аны ыраазы кылган кулдары үчүн дүйнөдөгү бул кыска жашоодон соң түбөлүк жана теңдешсиз бир жашоо жараткан. Дүйнө жашоосундагы бул өмүр көз ачып жумганча бат эле өтүп бүтөт. Бул убакыт ичинде сабыр кылган, жакшы адеп-ахлакта бекем болгон, Аллахка чын жүрөктөн кул болгон пенделер акыретте өтө чоң бир сыйга; түбөлүк бейиш жашоосуна жолугушат. Албетте, бул – Раббибиздин кулдарына болгон берешендигинин, мээриминин жана сүйүүсүнүн өтө маанилүү бир чагылуусу.
landscape

Race each other to forgiveness from your Lord and a Garden as wide the heavens and the earth, prepared for the people who have taqwa.
(Surah Al'Imran: 133)
Аллах бүт адамдарды бүт нерсенин эң сулуусунан, эң кемчиликсизинен ырахат ала турган жана аларды өтө каалап, самай турган бир рух менен жараткан. Ушул себептен, адам жашоону түшүнө баштаган күндөн баштап дайыма кемчиликсиздикке жетүүнү өтө эңсей берет. Дайыма сулуулук менен сый-жакшылыктарды (нематтарды) издей берет. Бирок канчалык аны каалабасын жана ал үчүн канчалык аракет кылбасын, дүйнө жашоосунда эч качан көңүлү каалагандай кемчиликсиз жашоого жете албайт. Себеби Аллах дүйнө жашоосун атайын кемчиликтүү жана жетишсиз кылып жараткан.
Албетте, Аллахтын минтип жаратышында көптөгөн терең маанилер бар. Себеби «Ал Аллах – жаратуучу, (эң кооз) кемчиликсиз пайда кылуучу,«калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандар менен жердегилердин баары Аны тасбих кылат. Ал – Азиз, Хаким.» (Хашр Сүрөсү, 24) аятында айтылгандай, Аллах кемчиликсиз жаратат. Раббибиз баарына кудуреттүү, каалаганын жаратууга күчү жетет. Ошондуктан дүйнө жашоосундагы кемчиликтердин бир максаты бар. Раббибиздин мындай жаратышынын сырларынын бири – бул адамдын бейиштин бар экенин түшүнүшү жана ал үчүн чын ниеттен аракет кылышы.
landscape

Their recompense is forgiveness from their Lord, and Gardens with rivers flowing under them...
(Surah Al'Imran: 136)
Аллах адамдын табиятын бейиште гана бакубат жашай турган жана напсисинин каалоолору ал жерде гана канааттана турган кылып жараткан. Курандын көп аяттарында бул чындык адамга кабар берилген. Чыныгы жашоонун бейиште болоорун, ушул себептен бүт аракеттеринин чексиз сулуулуктар мекени болгон бейишти көздөшү керектигин эскерткен. Бул жөнүндө Куран аяттарынын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Бул дүйнө жашоосу –бир оюн жана «өзүнө тартуучу бир алаксуу» гана. Чындыгында, акырет мекени болсо – чыныгы жашоо ошол. Билишсе кана. (Анкебут Сүрөсү, 64)
Чындыгында жакшылар (чынчылдар) албетте сый-жакшылык ичинде. Тактылар үстүндө карап-көз жүгүртүшүүдө. Сый-жакшылыктын (нематтын) жаркыраган кубанычын сен алардын жүзүнөн көрөсүң. Аларга мөөрлүү, кошумчасыз бир шараптан ичирилет. Анын аягы жыпар жыттуу (мускус). Демек жарышкысы келгендер ушул үчүн жарышышсын. (Мутаффифин Сүрөсү, 22-26)
Аллах каалаганына ырыскыны кеңейтип-жайат жана кысат да. Алар болсо дүйнө жашоосуна сүйүнүштү. Чындыгында болсо дүйнө жашоосу акыретте(ги чексиз бакыттын жанында убактылуу) бир пайдалануу (мүлк) гана. (Рад Сүрөсү, 26)
Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар. (Каф Сүрөсү, 35)
Пайгамбар Мырзабыз (сав) болсо бир куттуу хадисинде дүйнө жашоосуна салыштырмалуу бейиштин адам үчүн канчалык чоң бир жакшылык экенин төмөнкүдөй мисал менен айткан:
Бейиште жаачалык бир жер күн чыгып же баткан нерседен (дүйнөдөн) жакшыраак. [Kütüb-i Sitte-14, s. 429/2]
Адам бул жөнүндө эч нерсе билбесе дагы, дүйнө жашоосунун кемчиликтерин жана напсисиндеги (көңүлүндөгү) сый-жакшылыктарга болгон эңсөөсүн бир саамга эле ойлонгондо, бул чындыкты оңой гана түшүнө алат. Себеби Аллах дүйнө жашоосунун чыныгы жашоо эместигин түшүнүшү үчүн адамга көптөгөн далилдерди жаратууда. Адам дээрлик ар күнү, өз денеси баш болуп, көптөгөн дүйнө жашоосунун кемчиликтерин көрөт. Аман-эсен жашаш үчүн эле канчалаган чараларды көрүшү керек. Кичине эле болсо ооруп, жаракат алып же ал тургай өлүп калышы мүмкүн. Өмүрүнүн көп бөлүгүн денесинин алсыздыктарын оңдоого жумшайт. Бирок канча аракет кылса да, жыл өткөн сайын денеси картайып, куурайт. Адам денеси сыяктуу, эң сонун гүлдөр да акырындап соолуйт; эң сонун түстүү, эң сонун жыттуу розалар, жоогазындар, фиалкалар чирип бузулат. Эң даамдуу жана эң жаңы мөмөлөр, жашылчалар кыска убакыт ичинде чирип, адам жегис болуп калат. Эң заңкайган үйлөр, буюмдар, машиналар акырындап эскирип, сынып талкаланат.
landscape


Булар адам дүйнө жашоосунда көргөн миллиондогон кемчиликтин бир канчасы гана. Бирок ушулар да адамдын көксөп самаган чыныгы мекендин дүйнө эмес экенин түшүнүшүнө жетиштүү болот.
Адам, ушундай кемчиликтерден улам, ичинен дайыма кемчиликсиздикти, мындай кемчиликтер эч болбогон бир дүйнөдө жашоону каалайт. Оорулар, өлүмдөр, согуштар, уруштар, жамандыктар, кемчиликтер, кыйынчылыктар эч болбогон бир дүйнөнү самайт. Ушул максатта эч көйгөйсүз, бактылуу бир жашоону дүйнө шарттарында түзүүнүн жолдорун издейт. Бирок Аллах Куранда адамдарга мындай жашоону бейиште гана жашай алаарын кабар берген. Ага жетүү үчүн адамга жүктөлгөн милдет болсо өтө оңой: Раббибиздин ыраазылыгына ылайык өмүр сүрүү. Мунун натыйжасында –Аллахтын каалоосу менен- өзү каалагандан жана кыялдана алгандан алда канча жакшы, кемчиликсиз жана чексиз бакытка толгон бир жашоого жетет.
Адам издеген, самаган, сүйгөн нерселеринин баарынын бейиште экенин түшүнүшү үчүн Аллах Куранда бейиш нематтары (сый-жакшылыктары) жөнүндө көп маалыматтарды берген. Бул китепте Куран аяттары менен Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринин негизинде Раббибиз биз үчүн даярдаган ушул теңдешсиз нематтарды баян кылабыз.
landscape

Their Lord gives them the good news of His mercy and good pleasure and Gardens where they will enjoy everlasting delight.
(Surat at-Tawba: 21)
Мындан тышкары, Инжилден Куран аяттары менен Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистерине туура келген сөздөргө да орун беребиз. Куран аяттарында бизге Инжилдин кийинчерээк бурмаланганы, ушул себептен ичинде туура эмес ишенимдер бар экени кабар берилет. Азыркы Инжилде акыйкат бөлүмдөр да, адамдар тарабынан кошулган туура эмес маалыматтар да бар. Ушул себептен Инжилдеги баяндарды Куран аяттарына жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистерине туура келээрине карап алышыбыз керек.
Бул китепте да ушул критерий эске алынып, Исламдык булактарга туура келген Инжил баяндарына орун берилген. Бул китептин максаттарынын бири – адамдарга чыныгы жашоонун дүйнөдө эмес, бейиште болоорун, көңүлдөрү каалаган бүт сулуулук, жакшылыктардын дүйнөдө эмес, бейиште экенин эске салуу. Мурда эч ойлонбогон болушса да, көңүлдөрүндөгү кемчиликсиз жашоого болгон эңсөөсүн канааттандыра турган жалгыз жашоонун бейиште экенин түшүнүшүнө көмөкчү болуу.
landscape

They will have there everything they want and with Us there is still more.
(Surah Qaf: 35)
Дагы бир максат болсо, адамдардын бейиштин теңдешсиз кооздуктарын, түбөлүккө улана турган ырахаттарын терең ойлонушуна негиз түзүү. Себеби Куран аяттары да, Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистери да бизди көп адамдар мурда эч ойлобогон бейиш жакшылыктары жөнүндө кабардар кылат. Бейиштеги сулуулукту, чексиз сый-жакшылыкты жана сонун жашоону түшүнүү адамдардын бейишке болгон эңсөөсүн жана ал жашоого жетүү үчүн кыла турган аракетин көбөйтөт. Аллахтын чексиз мээримине жана теңдешсиз жакшылыктарына ылайыктуу болуу үчүн күчтүү бир каалоо жана чечкиндүүлүк менен сооптуу (жакшылык) иштерде жарышышына себепчи боло алат.
Албетте, бул китептеги бейиш сүрөттөөлөрү адам акылы жана билген түшүнүгү менен чектелет. Чындыгында болсо Аллах Куранда кабар берген жана Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде сүрөттөгөн бейиштин кемчиликсиздиги жана сулуулугу адамдын дүйнөдө ага берилген акыл менен түшүнүп, ойлоно алганынан алда канча өйдө жана теңдешсиз. Адам бейиштеги сулуулуктарды дүйнө жашоосунда билген нематтарга салыштырып, аларга окшоштуруу менен гана түшүнө алат. Бирок Раббибиз ал жерде чын ыкластуу кулдары үчүн даярдаган нематтардын сулуулугун акыретте гана чындап түшүнүп сезүүгө болот. Адам руху алардан ала турган ырахат ошол жерде гана сезиле алат. Мунун бир сыры болсо – Раббибиздин бүт сый-жакшылыктарды жана сулуулуктарды ыймандуу кулдарына гана тартуу кылышы. Аллах каапырларды (Аллахты тангандарды) бейиш нематтарынан куру кол калтырган. Аяттарда бейишке кире албаган адамдардын акыретте бейишти өтө самап, абдан бушайман болоору айтылат. Ал кишилер бейишти кусалык менен самап, түбөлүккө чейин абдан бушайман болуп бейишке кирүүнү тилешет. Албетте, алар да дүйнө жашоосунда бейиштин бар экенин, ал жердеги сулуулуктардан кабардар болушуп, бирок бул чындыкты көрмөксөн болушкан. Напсилеринин мындай каалоосун дүйнө жашоосунда канааттандыра алабыз деп ойлоп, болгон күчү менен дүйнөгө жан үрөшкөн.
Бул китепте айтылгандар ушундай чоң жаңылыштыкка түшкөн адамдардын чыныгы жашоонун акыретте болоорун түшүнүшүнө жана өмүрлөрүн Раббибиздин ыраазылыгын көздөп өткөрүшүнө себепчи болот деген үмүт бар. Ыймандуулардын болсо бейишке жетүү эңсөөсүн, чечкиндүүлүгүн күчөтүп, Аллахтын эң сүйүктүү кулдарынан болуу үчүн жакшылыктарда жарашышына шарт түзөт.

Aллах Бейиш Kалкына Даярдаган Cый-Жакшылыктар

Aллах Бейиш Kалкына Даярдаган Cый-Жакшылыктар

Адамдар көңүлүндө каалаган, бирок дүйнө жашоосунда мүмкүн болбогон нерселерди кээде кинолордо, романдарда чагылдырышат. Мындай пикирлерди фантастика, утопия деп сыпаттап, турмушка ашпайт дешет. Көп адамдар мындай кыялдагы сонун нерселердин чындап болушун каалап, аларды туурайт. Бирок дүйнө шарттарында алардын ишке ашпашын билүү жана аларды жөн гана кыялдануу адамдардын рухуна терең ырахат бербейт. Тескерисинче, айланадагы кемчиликтерди андан да жакшыраак түшүнүп, дүйнөнүн чыныгы жүзүн көрүшүнө, бул болсо маанайларынын чөгүшүнө себеп болот. Албетте, мындай маанай ыймансыз кишилерге тиешелүү.
landscape

Allah will reward them for what they say with Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever. That is the recompense of the good-doer.
(Surat al-Ma'ida: 85)
Акыреттин бар экенине анык бир илим, далилдер менен ыйман кылган ыймандуулар болсо кыялга көп сыйбаган бүт ыктымалдыктардын Аллахтын «бол» деши менен болуп калаарын, акыретте бейиш нематы катары алдыларынан чыгышы мүмкүн экенин билишет. Демек адам дүйнөдө «болсо кандай сонун болмок» деп ойлогон бүт сулуулук менен нематка бейиште жетишим мүмкүн деп үмүт кыла алат. Мындай үмүттөгү адам каалаган бүт нерсесине жетүү мүмкүн болгон бейишке татыктуу болуу үчүн болгон аракетин жумшап баштайт.
Бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аллахтын чын ыкластуу кулдары үчүн акыретте «эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган жана эч бир адамдын жүрөгүнө келбеген бир катар немат-жакшылыктар» болоорун айткан. [Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 306/497]
Аллах бейишти сүрөттөп тааныткан аяттары аркылуу адамдарга дүйнөдөгүлөргө салыштыргыс бир немат көз-карашын ачат. «Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар.» (Каф Сүрөсү, 35) аяты менен бейиштеги немат-жакшылыктардын көптүгү кабар берилүүдө. Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир хадисинде ыймандууларга аларды күтүп турган бейиш жакшылыктары жөнүндө төмөнкү аятты эске салган:
Эми эч бир напси (жан) кылгандары үчүн аларга көз кубанта турган эмнелердин (сансыз нематтардын) жашырылганын билбейт. (Сажда Сүрөсү, 17) [Tezkireti'l Kurtubi, s. 306/498]
Аллах бейиште тартуулай турган сый-жакшылыктарды ойлоп жатканда, адам акылынын өтө чектүү экенин да эч унутпаш керек. Ушул себептен, адам ага убада кылынган нематтардын молчулугун, көп түрдүүлүгүн, теңдешсиз сулуулуктарын оюнда толук элестете албашы мүмкүн. Куранда жана хадистерде кабар берилген нематтар, сүрөттөөлөр адамдарга түшүнүктүү болушу үчүн дүйнөдөгү сулуулуктарга салыштырып сүрөттөлөт. Бирок алар бейиште алда канча сонун абалда болот. Себеби Аллах чексиз акылынын бир чагылуусу катары бейишти бүт кемчиликтерден тазалап, кемчиликсиз бир мекен кылып жараткан.
landscape
Адамдын чектүү ойлонуу жөндөмүн төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрүүгө болот. Адамдын көрүү сезими болбой, даам сезүү, жыт сезүү, угуу жана тийүү сезимдери менен гана жаратылган болгондо; көрүп ырахат алынган нематтар ага канчалык сүрөттөлүп берилсе да, аларды түшүнө алмак эмес. Түстөн, жарыктан, сулуулуктан, симметриядан, көркөмдүктөн сөз кылынганда ал киши булардын баарын түшүнө алмак эмес эле. Ушул сыяктуу эле, азыр биз билбеген, бирок Аллах бейиште жарата турган жана бизге жапжаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулай турган башка сезимдер да болушу мүмкүн. Ошондуктан беш сезимибиз менен гана чектелген бул дүйнөдө кандай немат-жакшылыктардан кабарсыз экенибизди толук түшүнүшүбүз да мүмкүн болбойт.
Көз-караш жана кыялыбыздын чектүүлүгүн терезесиз бир үйдөн эч сыртка чыкпаган бир адамдын абалына да салыштырсак болот. Үйдүн сыртындагы сулуулуктардан –тоолордун, дарыялардын, дарактардын көрүнүшүнөн, бир-биринен сулуу гүлдөрдөн, сүйкүмдүү жаныбарлардан, ачык асмандан, күн нурунун жаркырашынан...- кабарсыз болгон бул киши кандай немат-жакшылыктарды сезбей жүргөнүн да биле албайт. Болгондо да, бул салыштыруу дүйнөдөгү сулуулуктар негизинде жасалган бир салыштыруу. Дүйнөнүн немат жана сулуулуктары болсо бейиш нематтарынын жанында өтө кемчиликтүү. Ошондуктан ыймандуу бир киши бейишти да чектүү илими менен, тар бир көз-карашы менен баалоодон качынып, мындай жаңылыштыкка түшпөшү керек. Себеби адам Раббибиз кабар бергендерден тышкары, бейиштеги майда-бараттардын, бейиш калкына даярдалган сюрприздердин эмнелер болушу мүмкүн экени жөнүндө жоромол да жасай албайт. Куранда ушуга басым жасалган аяттардын бирөөсүндө Аллах «Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар.» (Каф Сүрөсү, 35) дейт.
Бир риваятта болсо Пайгамбарыбыз (сав) бейиш нематтарын төмөнкүдөй сүрөттөгөн:
Бейишке чуркаган жокпу? Себеби бейиште акылга, ойго келбеген немат-жакшылык бар. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 306-307/499]

Бейиштеги Байлык Жана Mолчулук

Бейиштеги Байлык Жана Mолчулук

Динден алыс жашаган коомдордо байлык дайыма күч менен атак-даңктын символу болуп, адамдардын өмүр бою көбүнчө биринчи даражадагы максаттары арасында орун алган. Мунун себептеринин бири – ыйман кылбаган адамдардын көбүнчө бай болгондо гана чындап бактылуу боло алам деп ойлошу. Ал кишилер колдорундагы нерселерин ушундайча гана кепилдикке ала алам, бакубаттык, бейпилдик жана жактырган нерселериме да ушул жол менен жете алам деп ойлошот. Ошондуктан бүт өмүрлөрүн мал-мүлк чогултуу, акча топтоо жана туура инвестиция жасоо аракети менен өткөрүшөт. Ошол эле учурда, бир күн түгөнүп калат деп коркуп, колдорундагы мал-мүлктөрүн, буюмдарын колдонуудан, акчаларын каржоодон болушунча качынып, байлыгын сактоо үчүн бүт ыкмаларды колдонушат.
landscape

Бирок дүйнө шарттарында канчалык аракет кылынбасын, колдогу байлык адамдын рухуна күтүлгөндөй бир ырахат бербейт. Кээ бир тараптардан кишиге комфорт берсе да, кемчиликтерге толгон дүйнө шарттарындагы байлык да кемчиликтүү болот. «Дүйнө» сөзү арап тилиндеги «дений» сөзүнөн келип чыккан. Бул сөз болсо төмөн, жөнөкөй, баркы жок дегендей маанилерге келет.
Аллахтын дүйнөнү ушундай кемчиликтүү, убактылуу сыяктуу сыпаттарда жаратышынын бир сыры болсо адамдардын бейиштеги сулуулуктардын баркын жакшыраак түшүнүшүнө шарт түзүү болушу да мүмкүн. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен ойлонсок болот: жаш кезинен баштап жокчулукта жашаган бир киши өтө кооз буюмдар, теңдешсиз сулуу искусство эмгектери турган, дасторконго сонун тамактар жайылган, баалуу таштар менен кооздолгон бир жерге чакырылса, ал жердин сулуулугунан өтө таасирленип, абдан кубанат. Албетте, ал киши сезген ырахат менен кубанычы жаш кезинен мындай шарттарда жашаган бир кишиге салыштырмалуу өтө күчтүү болот. Биздин дүйнөдөгү абалыбызды да кандайдыр бир мааниде ушундай жокчулук менен жакырчылыкта жашаган адамдын абалына окшотууга болот. Бирок бул жерде бир нерсени белгилей кетүү керек: дүйнөдөгү эң бай киши дагы бейиш шарттары эске алынганда, жакыр бир киши болуп калат. Болгондо да, адам дүйнө шарттарында бул байлыкка чыныгы мааниде эч качан ээ боло албайт. Себеби дүйнөнүн эң бай кишиси болсо да, аягында бир канча метр кепинге оролуп, топуракка көмүлөт, жана колундагы бүт нерсеси, бүт байлыгы артында калат. Аллах бир аятта дүйнөдөгү нематтардын убактылуулугун төмөнкүчө кабар берет:
river view
"They will have Gardens of Eden with rivers flowing under them. They will be adorned in them with bracelets made of gold..."
(Surat al-Kahf: 31)
The metaphor of the life of the world is that of water which We send down from the sky, and which then mingles with the plants of the earth to provide food for both people and animals. Then, when the earth is at its loveliest and takes on its fairest guise and its people think they have it under their control, Our command comes upon it by night or day and We reduce it to dried-out stubble, as though it had not been flourishing just the day before! In this way We make Our Signs clear for people who reflect.
(Surah Yunus: 24)
Дүйнө жашоосунун мисалы – Биз асмандан түшүргөн, аны менен адамдар жана жаныбарлар жеген жер жүзүнүн өсүмдүгү аралашкан бир суу сыяктуу гана. Жер сулуулугун жамынып, кооздонгондо жана ал жердин эли чындыгында аны биз кылдык деп ойлоп жатканда (дал ушул учурда) түнкүсүн же күндүз ага буйругубуз келип, кечээ эч кандай байлыгы жоктой аны тамырынан жулунуп ыргытылган сыяктуу кылабыз. Ойлонгон бир коом үчүн Биз аяттарды ушундайча бир-бирден түшүндүрөбүз. (Йунус Сүрөсү, 24)
Бейиште тартууланган байлык болсо дүйнө шарттарынын тескерисинче, адамдар көңүлдөгүдөй жашай турган, эч качан түгөнөт деп тынчсызданбай турган түбөлүк бир байлык. Куранда кабар берилген «Кайсы тарапты карасаң, бир немат-жакшылык менен көп мүлктү көрөсүң» (Инсан Сүрөсү, 20) аяты менен бейиштеги ушундай байлыкка көңүл бурулган.
Инжилде да бейиштин өзгөчөлүгү катары молчулук сүрөттөлөт:
Силердегини бергиле, силерге берилет. Жакшылап бастырылып, чайпалып жана ашып-ташып кучагыңарга толо берилет. Кандай өлчөмдө берсеңер, ошондой өлчөмдө аласыңар. (Лука, 6-бөлүм, 38)
Бейиштеги байлык – Аллахтын чексиз сулуу чеберчилигинин чагылыштарын жана көз жоосун алган өтө көркөмдүү, эң бийик сулуулук менен гармонияны тартуулаган бир байлык. Жана бүт сулуулуктар ыймандуулардын каалоо, эңсөөсүнө жараша тартууланат. Себеби байлык ушундай сулуулуктарга айланганда гана адамдын рухуна ырахат берет.
Төмөндө «Бейиштеги жерлердин сулуулугу» темасында каралган көп хадистер ошол эле учурда бейиштеги байлыкка да басым жасайт. Себеби ал жерлердин сулуулугунун себеби кооз болушунан тышкары, кооздук үчүн колдонулган материалдардын өтө баалуу болушунда. Бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) бейиштин эмнелерден курулганын сураган бир кишиге төмөнкүчө жооп берген:
Күмүш кирпичтен жана алтын кирпичтен! Аралашмасы да жыпар жыттуу. Бейиштин таштары бермет менен жакуттан, топурагы болсо заапаран... [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]
Унутпаш керек болгон дагы бир жагдай болсо; бейиш калкына убада кылынган байлыктын чексиз, түгөнбөгөн молчулукта болушу.
landscape

That is the Garden you will inherit for what you did.
(Surat az-Zukhruf: 72)

Бейиш казыналары:

Хадистерде айтылган казыналар да бейиштеги кереметтүү байлыкка басым жасайт. Бул байлыкты ойлогондо, мунун өтө кудуреттүү, мүлкү чексиз Аллахтын жараткан нерсеси экенин, Раббибиздин кулдарынын каалаганына бул нематтарды берээрин унутпаш керек. Пайгамбар Мырзабыз (сав) бул чындыкты төмөнкү сөздөрү менен эске салган:
Сага алтындан, бейиш казыналарынан бир сөздү айтайынбы? Мындай дейсиң: «Ла хавле вела куввете Илла Биллах» (Аллахтан башка тосо турган да, кыла турган да бир күч-кубат жок.) Ошондо Аллах айтат: «Кулум моюн сунду жана саламаттык тапты.» [Ramuz el-Ehadis-1, s. 166/3]
Дүйнөдөгү байлык адамдын колундагы бүт нерселер сыяктуу убактылуу жана бир күнү түгөнөт. Бир адам канчалык бай болбосун, ал байлыгы бир канча он жыл менен чектелет. Мындан көбүрөөгүнө баарынан мурда адамдын өз өмүрү жетпейт. Ушул себептен ыймансыз кишилердин дүйнөдө эң негизги максаттарынын бирин түзгөн, алардын ач көз болушуна себеп болгон байлык эңсөөсү өтө кыска убакытка созулат. Инжилде да дүйнө байлыгынын убактылуу экени, туруктуу нерсенин болсо бейиштеги казыналар экендиги жана ушул себептен ыймандуулардын акырет үчүн аракет кылышы керектиги жазылган:
Жер жүзүндө өзүңөргө казыналар чогултпагыла. Бул жерде күбө (моль) менен дат аларды жеп түгөтөт, уурулар да кирип уурдап кетишет. Анын ордуна өзүңөргө асманда казыналар чогулткула. Ал жерде күбө менен дат да аларды жеп түгөтпөйт, уурулар да кирип уурдашпайт. Казынаңар каякта болсо, жүрөгүңөр да ошол жакта болот. (Матфей, 6-бөлүм, 19-21)
landscape

As for those who believe and do right actions - We impose on no self any more than it can bear - they are the Companions of the Garden, remaining in it timelessly, for ever.
(Surat al-A'raf: 42)
Ошондой эле, канчалык көп байлык болсо да, керек болгондо аны баа менен өлчөп, жыйындысын сан менен көрсөтүүгө болот. Бейиш нематтары болсо баа бычылгыс сулуулук менен сыпаттарда болот. Жана Аллах ыраазы болгон кулдарына эсепсиз тартууланат. Аллах Куранда «Күмөнсүз, бул Биздин ырыскыбыз, эч түгөнбөйт.» (Сад Сүрөсү, 54) аяты менен бейиш нематтарынын ушул өзгөчөлүгүн кабар берген. Башка бир аятта болсо Аллах «Токтоп-түгөнбөгөн жана тыюу салынбаган (мөмөлөр).» (Вакыа Сүрөсү, 33) деп бейиштеги тамактардын да ушундай өзгөчөлүктө болоорун кабар берет. Аллах билдиргендей, бейиш нематтарында түгөнүү, азайуу, жоголуу деген нерсе болбойт. Ал нематтар бейиш калкына тынымсыз берилет. Бейиш казыналары, албетте, Аллах ыймандуу кулдарына бейиште тартуулай турган нематтардан. Бүт мүлктүн ээси Аллах бейиш үчүн тандаган кулдарына ал казыналарды эсепсиз, түбөлүк берет.
landscape

"Enter the Garden, you and your wives, delighting in your joy."
(Surat az-Zukhruf: 70)

Бейиштеги мүлктүн көптүгү:

Мүлктүн, байлыктын эсепсиз көп болушу бейишке тиешелүү бир өзгөчөлүк. Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде бейиштеги мүлктүн көптүгү жөнүндө мындай деген:
Бейиш калкынын эң төмөнкү даражадагысынын бейиштеги мүлкүн кыдырып көрүп чыгышы эки миң жылга созулат жана ал мүлктүн эң алыстагысын эң жакынындагыдай көрөт... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 113/8]
Эгер бейиштеги нерселерден бир тырмакчалыгы көрүнгөндө, жер менен асман арасын кооздукка бөлөмөк. Эгер бейиш калкынан бир адам көрүнүп билериктерин көрсөткөндө, күндүн жылдыздардын нурун басып салышы сыяктуу күндүн нурун басып салмак. [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 409/10096]
Хадисте да көңүл бурулгандай, бейиштеги немат-жакшылыктардын аз бир бөлүгү эле дүйнө критерийлери менен караганда укмуш көптүктү көрсөтүүдө. Жогорудагы хадистердин бирөөсүндө билериктердин жылдыздардан да жаркыраган нурдуу экени, көз жоосун алаары айтылса, башка бир хадисте болсо бейиш калкынын жасалгаларынын чыканакка чейин болоору айтылып, молчулукка басым жасалган:
Бейиш калкынын зыйнаттары даарат суусу жеткен даарат жерлерине чейин жетет. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 247/7]
pink flower

Кымбат баалуу таштардын жана металлдардын молчулугу:

Аллах Курандагы «Кылдаттык менен жасалган зергердик тактылар үстүндө.» (Вакыа Сүрөсү, 15) жана «Адн бейиштери (алардыкы); ал жакка киришет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат...» (Фатыр Сүрөсү, 33) аяттары аркылуу бейиште ар кандай зергердик буюмдар менен кымбат баалуу таштардын бар экенине көңүл бурат. Бейиш жөнүндө Куран менен хадистерде айтылган зергердик буюмдар адамзат тарыхында дайыма байлык менен даңазалуу сулуктун символдору болуп келген. Өтө кымбат баалуу бул зер буюмдары табиятта аз кездешкен кооздукка ээ. Алмаз, бермет, жакут, алтын, күмүш сыяктуу зыйнаттар – бүт адамдар жактырып, алар менен кооздолгон буюмдарды көрүүдөн ырахат алган кооздуктар.
landscape
They will have Gardens of Eden with rivers flowing under them. They will be adorned in them with bracelets made of gold and wear green garments made of the finest silk and rich brocade, reclining there on couches under canopies. What an excellent reward! What a wonderful repose!
(Surat al-Kahf: 31)
Бейиш нематы катары берметтен сөз кылынган хадистердин бир канчасы төмөнкүдөй:
Бейиштиктердин баштарында таажылар бар. Таажыдагы бир бермет мешрик (чыгыш) менен магриб (батыш) арасын жарык кылат. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]
... Аялдын мойнундагы берметтердин бирөөсү гарб (батыш) менен шарк (чыгыш) арасын жарык кылат... Башындагы таажылардын эң кичинекей бермети да шарк менен гарб арасын жарык кылат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 99/8]
Бермет бейиштеги нематтардын аз кездешкен баалуулугуна басым жасашы жагынан маанилүү бир мисал. Берметти чыгаруу үчүн деңиздерге көп жолу терең сүңгүш керек. Болгондо да көп санда чогултулган устрицалардын аз бөлүгүндө гана бул баалуу зыйнат кездешет. Бул кичинекей таштын сулуулугунан тышкары, аны баалуу кылган дагы бир өзгөчөлүк болсо – бул жерде айтылгандай, көп кыйынчылыктар менен алынышы.
landscape



"Are these the people you swore that Allah's mercy would never reach?" "Enter the Garden. You will feel no fear and know no sorrow.
(Surat al-A'raf: 49)
Дүйнөдө аны алуу үчүн көп убакыт, эмгек жана каражат талап кылган бул баалуу таш акыретте мол санда болот. Өтө баалуу, аз кездешкен бир кооздуктун мол болушу, албетте, адамдын рухунда башкача бир толкундануу жаратат. Мындан тышкары, аяттарда айтылган бейиш нематтары биз элестеткенден алда канча сулуу болушу мүмкүн. Хадистерде «чыгыш менен батыштын арасын жарык кыла турган бир бермет» деп айтылганда, биз мындай берметтин жалтырак кооздугун толук элестете албашыбыз мүмкүн.

Eйиштеги Жерлердин Cулуулугу

Eйиштеги Жерлердин Cулуулугу

Дүйнөнүн эң сулуу жерлери арасында сарайлар, заңгыраган үйлөр дайыма башкы орундарда турат. Ал жерлердин сулуулуктары сүрөттөлүп жатканда да дайыма сулуу бир пейзажы, буюмдарынын өтө баалуу болушу, жасалгаларынын сулуулугу, устундардын, алтын жалатылган тактылардын, эмеректердин даңазалуу сулуулугу айтылат.
Аллах Куранда билдирген бейиш жөнүндөгү аяттарда да адамдар жактырган жерлер –заңгыраган үйлөр, сарайлар, бакчалар, чатырлар- көп айтылат. Дүйнөдө аз санда кездешкен мындай жерлер бейиште кемчиликсиз жана эң кооз абалда Аллахтын сүйгөн кулдары жашаган жерлер катары түбөлүккө чейин бар болот.
garden

Gardens of Eden with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever. That is the reward of those who purify themselves.
(Surah Ta Ha: 76)
Бейиштеги байлык менен молчулук сүрөттөлгөн хадистердин кээ бирлери мындай:
Бир кирпичи күмүш, бир кирпичи алтын, аралашмасы кескин жыпар жыттуу, асты бермет менен жакут, топурагы болсо заапаран болуп, ал жерге кирген бактылуу болот, үмүтсүз болбойт, түбөлүктүү болот, өлбөйт... [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 408/10088]
... Бейиштин шагылдары бермет менен жакуттан, топурагы болсо заапаран (шафран)... [(Tirmizi); Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]
Хадистерде бейиштеги жерлердин бүт материалдарынын өтө баалуулугуна көңүл бурулуп, шагыл сыяктуу көп кездешчү майда таштардын ордуна да бермет менен жакут болоору кабар берилген.

Бейиштеги заңкайган үйлөр:

Дүйнөдөгү сулуулуктар дүйнө шарттарында канчалык кемчиликсиз болсо да, баары бир көп кемчиликтери болот. Ошондуктан дүйнөдөгү эң кооз үй да бейиш үйлөрүнө салыштырмалуу өтө жупуну болуп калат. Эң биринчиден, убакыт дүйнөдөгү көп сулуулуктарды бузуп, талкалайт. Мисалы, кандайдыр бир үй эч колдонулбаса дагы, каралбай ташталса, акырындап эскире берет. Ичиндеги буюмдар эскирип, нымдын таасиринен көгөрөт жана чирип баштайт. Төшөктөрдүн бекемдиги барган сайын азайып, кездемелердин өңдөрү соолуп баштайт. Ошондой эле, буюмдардын үстүн калың чаң басып, айлананы жөргөмүш торлору каптайт. Ошентип ал кооз жер убакыттын өтүшү менен адам жашагыс болуп калат. Бейиштеги үйлөр болсо бүт мындай кемчиликтерден, убакыттын эскиртүүчү таасирлеринен алыс. Куранда бейиш үйлөрү айтылып жатканда, ал үйлөрдүн астыларынан суулар агаары, бийик жана коопсуз жерлер экени кабар берилет:
Ыйман кылып салих амал кылгандар; аларды ичинде түбөлүк калуучулар кылып, астынан дарыялар аккан бейиштин бийик сарайларына сөзсүз жайгаштырабыз. (Салих) Амалдарды кылгандардын сыйлыгы кандай сонун. (Анкебут Сүрөсү, 58)
Биздин Кабатыбызда силерди (Бизге) жакындата турган силердин мал-мүлкүңөр же бала-чакаңар эмес; бир гана ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылгандар башка. Мына ошолор; алар үчүн кылгандарынын акысы катары эсе эсе сыйлыктар бар жана алар бийик сарайларында бейпилдик (тынчтык) ичинде. (Саба Сүрөсү, 37)
landscape

But Allah will admit those who have iman and do right actions into Gardens with rivers flowing under them where they will be adorned with gold bracelets and pearls, and where their clothing will be of silk.
(Surat al-Hajj: 23)
Пайгамбарыбыз (сав)дын бир хадисинде болсо бейиш үйлөрү төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Гурфелер (бейиш сарайлары) кызыл жакут, жашыл зымырыт (изумруд) жана ак берметтен. Аларда эч кандай кемчилик жок. Бейиш калкы аларга силердин асманда чыгыш менен батыштагы жылдыздарды караганыңардай карашат... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 225/6]
Инжилде болсо Аллах акыретте даярдаган орундардан төмөнкүчө сөз кылынат:
Биз билебиз; жашап жаткан бул дүнүйөлүк чатырыбыз куласа, асмандарда Аллах бизге берчү бир турак жай, кол менен курулбаган жана түбөлүк тура турган үйүбүз бар. (Корунттуктарга экинчи кат, 5-бөлүм, 1)
landscape

... who will inherit Firdaws, remaining in it timelessly, for ever.
(Surat al-Muminun: 11)
Бейиш сүрөттөөлөрүндөгү байлык жөнүндө айтылгандардын баары – бүт доорлордо жашаган адамдардын баары жактыра турган кооздуктар. Байлык менен даңазалуу сулуулуктун символу деп кабыл алынган жакут, изумруд, бермет сыяктуу баалуу таштар – бул бүт адамдар өзүндө болушун каалаган өтө баалуу жана сейрек таштар. Ушул себептен бейиш үйлөрүнүн ушул таштардан жасалышы алардын теңдешсиз баалуулугуна басым жасоо жагынан өтө маанилүү.
landscape

He will have a very pleasant life in an elevated Garden.
(Surat al-Haqqa: 21-22)

Булардан кызыл өңдүү айнек сымал бир таш болгон жакут жер жүзүндөгү төрт баалуу таштардын арасынан эң сейреги. Бермет болсо жалтырак, седептей өңү, жылмакайлыгы жана тоголок формасы менен өтө кооз. Көп кыйынчылыктар менен алынган бул кичинекей бөлүкчөнүн пайда болушу да өтө өзгөчө. Устрицанын ичиндеги кичинекей кумдун айланасынын акырындап кальций карбонат менен оролушу натыйжасында ушундай көз жоосун алган кооздук пайда болот. Албетте, бейиш жөнүндө айтылган бул салыштыруу жана сүрөттөөлөр да дүйнө шарттарына жараша берилген мисалдар. Бул адамдардын көз-карашынын кеңейиши, бейишти ойлонушуна себепчи болушу жагынан керектүү. Бирок бейиште бул сулуулуктар алда канча сонун болот.
Бейиштеги бүт нерселер эң жагымдуу сулуулукта жаратылган. Бейиш үйлөрү жөнүндө Пайгамбар Мырзабыз (сав) башка бир хадисинде мындай дейт:
Бейиште бир сарай бар. Айланасы мунаралар, чөптүү, суулуу жерлер менен курчалган. Беш миң эшиги бар... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 125/5]
Ал сарайлардын сулуулугуна сулуулук кошкон дагы бир өзгөчөлүк болсо – ал сарайлардын өтө кооз жерлерде жайгашышы. Мисалы, жогорудагы хадисте да сүрөттөлгөндөй, кээ бир сарайлардын жашыл майсаң менен курчалышы жана суунун жээгинде орун алышы өзүнчө бир сулуулук. Ал сарайлар деңиз жээктеринде, океан пляждарында, көл жээктеринде, дарыялардын жанында, шаркыратманын маңдайында жана ушул сыяктуу таң калтырчу жерлерде курулган болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, бейиш сарайлары жөнүндө төмөнкүдөй дагы бир өзгөчөлүккө көңүл бурулат:
Бейиште ушундай сарайлар бар; ичиндеги сыртындагыны, сыртындагы ичиндегини көрөт... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 125/9]
Бейиште бийик жерлер бар. Сырты ичинен, ичи сыртынан көрүнөт. [Kütüb-i Sitte-14, s. 447/2]
Бул хадистерден түшүнгөнүбүз боюнча, бейиштеги кээ бир сарайлар адамдар ичин да, сыртын да көрө ала турган айнек же башка бир тунук материалдан жаратылган болушу мүмкүн. Полдун, дубалдардын жана шыптын мындай тунук болушу болсо ичинде отурган кишилерге ырахат тартуулоочу бир сулуулук болуп саналат.
Бул хадисте бейиште кишилердин ичти да, сыртты да бир учурда көрө ала турган өзгөчө бир көрүү жөндөмүнө да ишарат кылынып жатышы мүмкүн. Б.а. бейиште дүйнөдөгүдөн башкача бир көрүү жөндөмү да болушу ыктымал. Себеби адам кээде турган жеринен башка бир жердегилерди да көргүсү келиши мүмкүн.
landscape

On the Day you see the men and women of the believers, with their light streaming out in front of them, and to their right: "Good news for you today of Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever. That is the Great Victory."
(Surat al-Hadid: 12)
Мисалы, асманды караганыбызда каалаганда планеталарды, жылдыздарды эч бир технологиялык каражатсыз бүт майда-чүйдөлөрүнө чейин көргүбүз келет. Бирок жаркыраган чекиттерди гана көрө алабыз. Бир буюмду караганыбызда анын атом деңгээлиндеги көрүнүшүн да көз менен көрө албайбыз. Ошондуктан көрүү аймагыбыз турган жерибиз жана көзүбүздүн көрө алгандары менен эле чектелет. Бейиште көздүн көрүү кескиндиги каалоого жараша бир аймакка тигилип, майда-бараттарды көрө алышы, дубал сыяктуу эч нерсе көрүүгө тоскоол боло албашы мүмкүн. Себеби бейиште бүт нерсе кишинин каалоосуна жараша жаратылат жана бейиш калкы көргүсү келген бүт нерсесин көрө алат. Аллах бул чындыкты Куранда«...ал жерде напсилер (көңүлдөр) каалаган жана көздөр ырахат алган бүт нерсе бар...» (Зухруф Сүрөсү, 71) аяты менен сүйүнчүлөйт.
Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринин бирөөсүндө болсо бейиш сарайларынын эч нерсеге таянбастан тураары айтылат. Албетте, бул да теңдешсиз жана көңүл толкута турган бир сулуулукка ишарат кылат:
Бир күнү Расулуллах «Бейиште ушундай сарайлар бар; аны жогоруда кармап тура турган карматкычтары да, астында тирөөчтөрү да жок» деди. Муну уккан сахабалар «Эй Аллахтын Элчиси, ал сарайлардын тургундары ага кантип киришет?» деп сурашты. Расулуллах (а.с.м.) «Алар куштар сыяктуу учуп киришет» деди. [Dünya Ötesi Yolculuk, s. 294]

Бейиштеги шаарлар:

Бейиште «Реййан» деп аталган бир дарыя бар. Үстүндө маржандан бир шаар курулган. Анын алтын менен күмүштөн жетимиш миң эшиги бар. Бул Куран жолундагыларга тиешелүү. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 326/4]
Бул хадисте Пайгамбарыбыз (сав) көңүл бурган алтын менен күмүш даңазалуулуктун, байлыктын жана искусствонун символу болгон металлдар. Экөө тең жалтырак, бекем, формага оңой кирген жана алынышы кыйын металлдар катары тарых бою өтө маанилүү болуп келген. Алтын жер жүзүндө тоннасына 0,004 грамм кездешет. Алтын кендеринде болсо алтындын көлөмү тоннасына 6-12 грамм арасында өзгөрөт. Ошондуктан кичинекей алтынды алуу үчүн тонналаган салмак ташты процесстен өткөрүү керек болот. Алтындын кыйынчылык менен алынышы жана жер жүзүндө башка металлдарга салыштырмалуу аз көлөмдө кездешиши аны өтө баалуу кылууда. Жалтырак, бекем, оңой формага кирген бул баалуу металлдын адамдарга ырахат тартуулоодо да маанилүү орду бар.
landscape


There is solace and sweetness and a Garden of Delight.
(Surat al-Waqi'a: 89)
Бул болсо кооз жана чеберчилиги жогору болгон эмгектерди жасоодо алтындын тандалышына себеп болот. Бизге кооз көрүнгөн, бай жана даңазалуу сезилген көп нерселер же алтындан жасалган же алтын менен кооздолгон. Мындан тышкары, алтын буюмдарды кооздоо, мукаба, каллиграфия, декорациялоо, жарыктандыруу сыяктуу көп искусство тармактарында да орду алмаштырылгыс бир материал. Бул жагынан хадистерде айтылган жерлерде көп санда алтындын колдонулушу да адамдардын көңүлүнө жаккан, баалуу бир нематтын ишараты. Дүйнө шарттарында адамдар алтынды куйма абалында гана көрүшөт. Кээ-кээде гана бир катар буюм же аксессуарларды, балким бир сарайда алтын менен капталган устундарды көрүшү мүмкүн. Булар алтынды кичинекей бир катар зыйнат буюмдарында көрүп көнгөн адамдарды өтө таң калтырат. Сом алтындан курулган бир бийик имаратты же бир сарайды, вилланы, особнякты элестетүү да кыйын. Мунун чындык экенин ойлоп коюу эле адам рухуна зор толкундануу менен ырахат тартуулайт. Төмөнкү хадисте болсо бейиштеги имараттардын кирпичтеринин алтын менен күмүштөн экени айтылат. Бул ансыз да өтө кооз болгон бейиш үйлөрүнүн сулуулугун андан да арттырып, аларды андан да сонун кылат:
Бейиш имараттарынын бир кирпичи алтын, бир кирпичи күмүш, аралашмасы жыпар жыттуу, шагылы бермет менен жакут жана топурагы болсо заапаран (шафран)... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 200/6]
Төмөнкү хадисте болсо алтын бир тирөөчтөн сөз болуп, бейиштеги байлык менен даңазалуулуктун башка тарабы айтылат:
Бейиште алтындан бир тирөөч жана үстүндө изумруддан (жалтырак, жашыл, кымбат баалуу бир таш) шаарлар бар; алар бейиште жылдыздар сыяктуу жарык чачышат... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 125/6]
Бул хадисте көңүл бурулган дагы бир нерсе болсо шаарлардын бийиктиги болушу мүмкүн. Албетте, дүйнө шарттарында бийик бир шаар пейзажы жана көңүлгө ырахат тартуулашы жагынан жактырылат. Бейиштеги шаарлардын сонун пейзаждардын ичинде экенин эске алсак, ал жерлердин адам рухуна канчалык ырахат тартуулашын жакшыраак түшүнөбүз. Хадистердеги мындай жерлер –тирөөчтөр үстүндөгү шаарлар- Куранда айтылган бийик сарайлар жөнүндөгү аяттарга окшошот:
Бирок Раббилеринен коркуп-тартынгандар болсо; аларга бийик сарайлар бар, алардын үстүндө болсо бийик сарайлар курулган. Алардын астында суулар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасынан кайтпайт. (Зүмер Сүрөсү, 20)
Шаар жашоосун ойлогонубузда эсибизге эң биринчиден көптөгөн көйгөйлөр келет. Көчөлөр, медицина, транспорт, абанын булганычтыгы, инфраструктура, суу, электр энергиясы, телефон, коопсуздук сыяктуу көп жагдайлар адамдардын өмүр бою алектенген маселелерине айланган. Ал тургай, адамдардын бакубат, бейпил өмүр сүрүшүн камсыздоо жана бул маселелерди чечүү үчүн көптөгөн адистиктер да пайда болгон.
landscape


He will forgive you your wrong actions and admit you into Gardens with rivers flowing under them, and gine dwellings in the Garden of Eden. That is the Great Victory.
(Surat as-Saff: 12)
Бейиш шаарларында болсо мындай маселелер да, аларга себеп болчу факторлор да жок кылынган болот. Ошондой эле, Аллах «... Ал жерде (күйгүзүүчү) бир күн да, тоңдура турган суук да көрүшпөйт.» (Инсан Сүрөсү, 13) аятында билдиргендей, бейиште аба адам руху менен денеси эң ырахат алып, бейпил боло тургандай температурада болот. Ушул себептен атайын бир жылытуу же салкындатуу системасына да муктаждык болбойт. Ошол сыяктуу, кийинки бөлүмдөрдө каралгандай, бейиште транспорт кыйынчылыгы да болбойт. Туурасын Аллах билет.
Хадисте бейиштеги имараттар жөнүндө айтылып жатканда алардын материалынын жыпар жыттуу бир зат болоору сүрөттөлүүдө. Көрүнүп тургандай, Аллах бейиште жараткан нематтар бүт сезимдерибизге ырахат тартуулай турган абалда жаратылат. Сонун жыт адамдар үчүн өтө чоң бир немат. Розанын, гвоздиканын, лилиянын, гиацинттин, сиреньдин, акациянын жана арчалардын жыттары адамдар үчүн сонун тартуулар болот. Мындан тышкары, ар кандай сонун жыттар адамдын көңүлүнө абдан жагат. Бейиштеги сонун жыттар дүйнөдөгүгө салыштыргыс жана адамдар эч күтпөгөндөй болот. Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде билдиргендей, имараттардын материалдарынын жыпар жыттуу болушу мунун эң сонун мисалдарынын бири. Албетте, материалы жыпар жыттуу болгон бир имарат – Аллах бейиште ыймандууларга даярдаган сонун нерселердин бирөөсү гана.
landscape


... and will reward them for their steadfastness with a Garden and with silk.
(Surat al-Insan: 12)

Бейиштеги чоң сарайлар:

Бир хадисте бейиштеги сарайлардан төмөнкүчө сөз кылынат:
Бейиштин ичинде берметтен бир сарай бар. Ал сарайдын ичинде кызыл жакуттан жетимиш особняк бар. Ар особняктын ичинде жашыл изумруддан (жалтырак, жашыл, кымбат баалуу бир таш) жетимиш үй бар. Ар үйдүн ичинде жетимиш такты, ар тактынын үстүндө болсо ар кандай түстө жетимиш төшөк бар. Ар үйдүн ичинде жетимиш дасторкон, ар дасторкондун үстүндө болсо жетимиш түрдүү тамак бар. Ошондой эле, ар үйдүн ичинде жетимиш кызматчы бар... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 323/554]
Бул жөнүндө башка бир хадис болсо төмөнкүдөй:
Сөзсүз, бейиш сарайларынан бир сарайдын ичинде жетимиш түр (жер, дүйнө, үй) болот. Ар биринде ичине кирүү үчүн жетимиш эшик, ар эшиктен башкаларынан кирип жаткан жыттан башка бейиш жыттарынан жыт кирет... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 323-324/555]
Хадистерде бейиш сарайларынын эң баалуу таштардан жасалганы, эң кооз жана эң комфорттуу жасалгаланганы, ичтеринде немат толо экени айтылууда. Дүйнө жашоосуна ыраазы болбогон жана бул жашоонун убактылуу кооздуктарына алданбаган ыймандуулар акыретте бүт немат-жакшылыктардын чыныгысы, эң сонуну жана түбөлүктүүсү менен сыйланышат. Акырет мекенин каалап болгон аракетин кылганы үчүн чыныгы ырахаттануу менен кубанычты бир-биринен сулуу бейиш мекендеринде түбөлүккө сезет. Ал жердеги чөйрө ар кандай люксту, сулуулукту, байлыкты камтуу менен бирге, бейиш калкы дайыма Аллахты эстеген жана Ага чын көңүлдөн шүгүр кылган бийик жана таза чөйрө болот. Аллах бир аятта бейиш калкы шүгүр кылып, бактылуу жашашын төмөнкүчө кабар берет:
(Алар болсо) Мындай дешти: «Бизге болгон убадасында бекем турган жана бизди бул жерге мураскор кылган Аллахка мактоолор болсун; бейиштен каалаган жерибизде жашай алабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди кылгандардын сыйлыгы кандай сонун. (Зүмер Сүрөсү, 74)
landscape

As for those who believe and do right actions, We will lodge them in lofty chambers in the Garden, with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever. How excellent is the reward of those who act.
(Surat al-'Ankabut: 58)
Бейиштеги чатырлар:
Бейиштеги чатырлар да көп хадистерде сүрөттөлгөн. Бул хадистердин бир канчасы төмөнкүдөй:
Сөзсүз, бейиште (ыймандуу үчүн) ичи бошотулган нагыз берметтен бир чатыр бар. Ал чатырдын туурасы алтымыш миль (болжол менен 100 км). Анын ар бурчунда (ыймандууга тиешелүү) бир катар тургундар бар; алар башкаларын (б.а. бир-бирлерин) көрө алышпайт. Ал эми момун (ыймандуу) болсо аларды кыдырып зыярат кылат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 325/560]
Бейиште момундун (ыймандуунун) бийиктиги алтымыш миль (болжол менен 100 км) болгон бир бермет чатыры бар. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 408/10091]
Туурасы да ошондой (б.а. алтымыш миль). Ал жерде ыймандуунун үй-бүлөлөрү болот. Момун (ыймандуу) аларды бир-бирден кыдырат... [(Buhari, Müslim ve Tirmizi); Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 408/10092]
Бейиш калкынан даражасы эң төмөн адамдын сексен миң кызматчысы бар. Ал үчүн берметтен, изумруддан жана жакуттан бир чатыр курулат. Ал чатырдын чоңдугу Жабиядан Санъага чейин созулат. [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı- 5, s. 412/10114]
Бүт нерсе эң сонун абалда жаратылган бейиште чатырлар да эң жогорку комфорт менен, ыймандуулардын ырахатына, бейпилдигине ылайык жаратылат. Пайгамбарыбыз (сав) кабар бергендей, баалуу таштардан жасалган ал чатырлар өтө чоң болот. Хадистерде бейиште кишилердин өтө кенен жана бийик берметтердин ичинде, үй-бүлөлөрү жана жакындары менен сонун өмүр сүрөөрү кабар берилүүдө. Албетте, бул Раббибиздин теңдешсиз жаратуу кудуретинин жана чеберчилигинин бир чагылуусу. Дүйнө жашоосунда сансыз кемчиликтер менен алсыздыктар ичинде жашаган адамдын мындай сулуулукту элестетиши эле аны канчалык толкундантат. Сулуулугу менен чоңдугунан тышкары, изумруд менен жакуттан жасалган бейиш чатырларынын ичинде бир кишиге кызмат кылгандардын саны да дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгын, мээримин жана бейишин үмүттөнүп, аракет кылып чарчаган бүт адамдар үчүн сонун бир сүйүнүчтүү кабар.
landscape

They will say, "Praise be to Allah Who has fulfilled His promise to us and made us the inheritors if this land, letting us settle in the Garden wherever we want. How excellent is the wage of those who work!"
(Surat az-Zumar: 74)

Бейиштеги базарлар:

Базарлар, маркеттер адамдар муктаждыгын камсыздашы үчүн алдыларына көп варианттарды сунган соода жерлери болуп саналат. Мындай соода борборлорунда ар кандай тамак-аш менен буюмдар ар кандай түрдө, ар кандай пакеттерде (таңгакталып) турат. Адамдар жакшы тамактануу, ар кандай даамдарды татуу, жарашыктуу кийинүү, ишин жеңилдете турган каражаттарды сатып алуу, көңүлүнө жаккан жана комфорт бере турган буюмдарды алуу каалоосу менен базарларга барышат. Дүйнө шарттарында адамдарга жаккан бул нематты Аллах бейиште да эң сонун абалда жаратат. Бейиштеги базарлар сансыз түрдүү нематтары менен, молчулук кубанычын тартуулаган көрүнүштөрү менен бейиш калкынын ичиндеги ушул каалоосун канааттандырат. Болгондо да, бейиште дүйнөдөгү мүмкүнчүлүк чектүүлүктөрү да жок болот. Мисалы, дүйнөдө адамдар соода борборлорун кыдыруудан ырахат алса да, андан чарчашат. Көп адамдардын ал жерлерди кенен кыдыра турган убактысы да жок. Мындан тышкары, каалаганын сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар адамдардан тышкары, андан ырахат алса да, каалаганын сатып алуу мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар да бар. Адамдар акчасын төлөсө, көптөгөн түрлөрдүн арасынан каалаганын сатып ала алат. Бирок эгер жетиштүү акчасы болбосо, аларды кыдырып көрүү менен гана чектелиши керек болот. Пайгамбарыбыз (сав) хадистерде айтышы боюнча, бейиш базарларында адамдар каалаган нерселеринин баарынан каалаганча ала алышат. Ал жерде соода жок, бүт адамдар каалаганын ала алат. Ал жерлердеги немат түрлөрү болсо адамдар мурда эч көрбөгөн жана элестете да албаган нематтар болот. Аллах берешендиги менен бүт адамдарга каалаганын берип, эч кимдин эч кандай муктаждыгы калбайт.
landscape

... and make me one of the inheritors of the Garden of Delight;
(Surat Ash-Shu'ara': 85)
Хадистерде бул мындайча айтылат:
Сөзсүз, бейиште бир базар бар, периштелер аны зыярат кылышат. Ал жерде көз көрбөгөн, кулак укпаган жана көңүлгө келбеген нематтар бар. Көңүлүбүз каалаган нерселердин баары бизге алып келинет. Бирок ал жерде эч нерсе алынып сатылбайт. Ал жерде бейиш калкынын кээ бири кээ бирлерине жолугат. Алардын арасында жолуккан кишинин кийген кооз кийимин көрүп суктангыдай, бир нерсеси кем эч ким жок. Сөзү аяктай электе андан да кооз кийимдүү болуп калат. Бейиште эч ким эч качан кайгырып, көңүлү чөкпөйт. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 325-326/563]
Күмөнсүз, бейиште бир базар бар. Бирок ал жерде эч нерсе сатып алынып, эч нерсе сатылбайт. Эркектер менен аялдардын жүзү жана келбеттери бар. Ал жерде кайсы келбетти кааласа ошого кирип калат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 326/564]
Хадисте дагы бир немат катары эркек менен аялдын келбеттеринин болоору да айтылууда. Каалаганда каалагандай келбетте болуу, ар кандай сулуу көрүнүштөрдө боло алуу көп адамдар дүйнөдө кыялданган нерсе. Ар бир адам жүзү менен денесинин кемчиликсиз сулуулукта болушун самайт. Чачынын түсү, көзүнүн өңү, бет түзүлүшү, терисинин түсү, бою, дене түзүлүшү сыяктуу көп өзгөчөлүктөр адамдарга тубаса белгиленген. Дүйнөдө бир түрдүү гана сулуулук натыйжасында келип чыккан монотондуулуктун бейиште болбошу, сулуулуктун киши каалагандай өзгөрүшү да адамдын рухуна ырахат тартуулай турган өзүнчө бир немат-жакшылык.
landscape

Platters and cups of gold will be passed around among them and they will have there all that their hearts desire and their eyes find delight in. You will remain in it timelessly, for ever.
(Surat az-Zukhruf: 71)
Башка бир хадисте болсо бейиштеги базарларда ыймандуулар отура турган сонун жыттуу, кооз жерлердин бар экени, бейиш калкынын ал жерлерде таанышып маектешээри, кыскасы, адамдын көңүлүнө жага турган бир социалдык жашоонун бар экени айтылат:
Сөзсүз, бейиште ушундай базарлар бар; ал жерде соода-сатык жок. Бейиш калкы ал жерге барганда жаңы жана жалтырак бермет жана жыпар жыттуу топурак үстүнө жазданып отурушат. Дүйнөдөгү сыяктуу ал бейиштерде таанышышат. Дүйнөдө кандай болушканын жана Раббилерине ибадаттарынын кандай болгонун, түндөлөрү кантип жанданышканын, күндүздөрү кантип орозо кармашканын, дүйнөнүн байлыгы менен кедейлигинин кандай болгонун, өлүмдүн кандай экенин жана ... кантип бейиш тургундарынан болушканын сүйлөшүп маек курушат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 326/565]
landscape

But those who have taqwa of their Lord will have high-ceilinged Halls, and more such Halls built one above the other, and rivers flowing under them. That is Allah's promise. Allah does not break His promise.
(Surat az-Zumar: 20)