25 Ağustos 2016 Perşembe

Бейиштеги Aдам Cулуулугу

Бейиштеги Aдам Cулуулугу

Дүйнөдөгү эң чоң немат-жакшылыктардын бири – бул адам сулуулугу. Адамдын эң сонун үйлөрү болсо, эң сонун тамактарды жесе жана сонун жерлерди кыдырса да, жападан жалгыз болсо, алардан көп ырахат ала албайт. Себеби бул нематтардын баарынын киши айланасындагы жакындары жана достору менен бирге болгондо гана бир мааниси болот. Аллах Өз рухунан үйлөгөн адам мүнөзү, такыбалыгы жана сонун адеп-ахлагы менен өтө баалуу болот. Мындай өзгөчөлүктөр менен бирге денесинин да өтө сулуу болушун бүт адамдар самайт.
Бейиштеги адам сулуулугу сүрөттөлгөн хадистердин бири төмөнкүдөй:
Бейиштеги үр кыздар (сулуу кыздар) жакут менен маржан сыяктуу. Адам алардын бирөөсүн карап, өзүн анын бетинде күзгүдө көргөнүнөн да тунугураак көрөт. Алардын берметтеринин эң эднасы (эң кичинекейи) чыгыш менен батышты жарык кылат. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 337/7]
landscape


Бейиштеги үр кыздардын сулуулугу жакут сыяктуу сейрек бир баалуу ташка, маржан сыяктуу өзгөчө көрүнүштүү табигый бир сулуулукка окшотулган. Ошондой эле, караган киши өзүн күзгүдөн да тунугураак көрөт деп алардын терилеринин жылмакай сулуу болооруна жана жүздөрүндөгү тунуктукка, нурдуулукка көңүл бурулган.
Дүйнө шарттарында теринин жылмакайлыгы, тунуктугу кыска убакытка гана созулат. Жаш бала кездеги теринин тунуктугу жана сулуулугу жаш өткөн сайын бир катар тери проблемалары себебинен жана башка себептерден эскирип, тырышып баштайт. Ошондуктан бул сулуулук дүйнө шарттарында убактылуу гана сакталат.
Бирок Аллах ыраазы болгон кулдарына бейиште бул сулуулуктардын кемчиликсизин жана түбөлүктүүсүн убада кылат. Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисте бейиштеги сулуулук менен жаштыктын түбөлүктүү экенин төмөнкүчө айтат:
Бейиш калкынын денеси түксүз, жүзү сакалсыз, көздөрү сурмалуу, жаштыгы түгөнбөйт, кийимдери эскирбейт. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]
Бейиш калкы бейишке отуз же отуз үч жашта сакалсыз, түксүз жана көздөрү сурмалуу болуп киришет. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 411/10109]
... Ага кирген нематка (сыйга) бөлөнөт, азап тартпайт, түбөлүктүүлүккө жетет, өлүмгө жолукпайт. Кийими эскирбейт, жаштыгы жоголбойт. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]
Хадистерде бейиш калкынын көздөрүнүн табиятынан сурмалуу болоору да айтылууда. Сурма көздүн түсү менен формасын сулуулантат. Дүйнө шарттарында жасалма жол менен жасоого аракет кылынган, бирок ошондо да жетишсиз болгон бул сулуулук акыретте ыймандууларда табиятынан бар болот.
Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын бейиштеги адам сулуулугу жөнүндө ага узатылган суроолорго мындайча жооп бергени риваят кылынган:
«Эй Расулуллах! Аллах Тааланын: «Ири көздүү үр кыздары» (Вакыа Сүрөсү, 22) деген сөзүн мага түшүндүрүп бер» дедим.
«Алар ак жүздүү, чоң көздүү, кара куштун канаттарындай сурмалуу» деди.
«Эй Расулуллах! Аллахтын: «ал аялдар бир жакут менен маржан сыяктуу» (Рахман Сүрөсү, 58) аятын түшүндүрүп бер» дедим.
«Алар кол тийбеген седептеги бермет сымал сулуу» деди.
«Эй Расулуллах! Аллахтын: «Ал бейиштерде жакшы адеп-ахлактуу сулуу аялдар бар» (Рахман Сүрөсү, 70аятын түшүндүрүп бер» дедим.
«Алар өтө жакшы мүнөздүү жана сулуу жүздүү» деди.
«Эй Расулуллах! Аллахтын: «Алар чаң конбогон жумуртка сыяктуу» (Саффат Сүрөсү, 49) аятын түшүндүрүп бер» дедим.
«Алар жумуртканын сырты сыяктуу ак жана назик» деди.
«Эй Расулуллах! Аллахтын: «Күйөөлөрүнө сүйкүмдүү жана бир-бири менен бирдей жашта» (Вакыа Сүрөсү, 37) аятын түшүндүрүп бер» дедим.
«Алар дүйнөдө улгайып, көздөрүнөн жаш куюлуп, чачтары агарып, алсыз болуп өлүшкөндө, Аллах аларды бейиште кыз бойдон, күйөөлөрүнө сүйкүмдүү, ашык жана өтө жакын, бир-бири менен бирдей жашта кылат» деди.
«Эй Расулуллах! Дүйнө аялдары өйдөбү, же ири көздүү үр кыздарбы?» дедим.
«Кийимдин сырты ички жасалгасынан баалуу болгон сыяктуу, дүйнө аялдары да үр кыздардан өйдө» деди.
«Эмне үчүн эй Расулуллах?» дедим, мындайча түшүндүрдү:
«Намаздары, орозолору жана Аллахка ибадаттары себептүү Аллах алардын жүздөрүн нурдантып, аларга жибек кйимдер кийгизет. Алардын денеси ак, кийимдери жашыл, зыйнаттары сары, атыр идиштери бермет жана тарактары алтын. Алар мындай дешет:
«Биз бул жерде түбөлүк жашайбыз. Биз сүйкүмдүү жана бактылуубуз. Эч качан кайгырып кыйналбайбыз. Башка ааламга көчпөй дайыма бул жерде болобуз. Биз бул абалыбыздан ыраазыбыз жана бүт нерсеге ыраазыбыз. Эч кимге ачууланып, кыжырданбайбыз. Биз аларга жубай болуп, алар бизге жубай болгондор кандай бактылуу.» [Gençlik ve Ölüm, s. 422-423]
landscape

But as for those who have iman and do right actions, We will admit them into Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever and evet. Allah's promise is true. Whose speech could be truer than Allah's?
(Surat an-Nisa': 122)
Көрүнүп тургандай, Куранда (Рахман Сүрөсү, 70) жана хадистерде бейиш аялдарынын сонун мүнөздүү болооруна да көңүл бурулган. Башка бир хадисте болсо бейиштеги адамдардын жана ал жердин сулуулугу төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Ал жерде мүнөздөрү сонун, жүздөрү сулуу аялдар бар. (Рахман Сүрөсү, 70)
Башка бир хадисте болсо бейиштеги адам сулуулугу төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
... Үр кыздардан ар аялдын үстүндө жетимиш кабат кийим бар; бир-бирине түсү окшобойт. Жана ага экинчисинде жок жетимиш түрдүү түстөгү жыт берилет. Үр кыздардан ар аял үчүн бермет менен кооздолгон кызыл жакуттан жетимиш такты, ар тактынын үстүндө жетимиш төшөк, ар төшөк үстүндө кресло бар. Үр кыздардын ар бири үчүн муктаждыгы жана кызматы үчүн жетимиш миң кызматчы кыз жана жетимиш миң кызматчы эркек бар. Ар кызматчыда ичинде ар кандай тамактары бар алтындан идиштер бар; ыймандуулардын бирөө алардан мурдакы идиштерде көрбөгөн даамды табат... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 333/591]
Көп хадистерде болсо бейиш калкынын өзгөчө жүзүнүн сулуулугуна көңүл бурулуп, ал тургай сулуулуктарынын тынымсыз көбөйөөрү кабар берилген:
Бейиш калкынын бир базары бар. Ар жума күнү ал жерге келишет. Анан түндүк шамалы согуп, кийимдери менен жүзүн сылайт. Анын таасири менен сулуулуктары жана жүздөрүнүн сулуулугу көбөйөт. Анан үй-бүлөлөрүнө андан да сулуу болуп кайтышат. Аялдары:
«Аллахка ант болсун, бизден чыккан соң силердин жамалыңар менен сулуулугуңар көбөйүптүр!» дешет. Эркектер болсо:
«Силер да Аллахка ант болсун, бизден соң алда канча сулуу болуп калыпсыңар.» дешет. [(Müslim), Kütüb-i Sitte-14, s. 433/16]
Бейиш аялдарынын нурдуу сулуулугу жөнүндө башка бир хадисте болсо мындай деп айтылат:
... Эгер бейиш аялдарынан бир аял жердеги адамдарга көрүнгөндө, дүйнөнү жана андагыларды нурга бөлөмөк жана экөөсүнүн арасын сонун жытка толтурмак... [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 409/10095]
Белгилүү Ислам аалымы Бедиүззаман Азрети болсо хадистерде сүрөттөлгөн бул сулуулуктун кандай экени андан суралганда мындай деп жооп берген:
Мааниси өтө кооз жана кооздугу өтө таттуу. Мобул начар, өлүк, жамид (супсак, жансыз) жана көпчүлүгү кышыр (кабык, тышкы көрүнүш) болгон дүйнөдө сулуулук жана жамал (жүз сулуулугу) көзгө гана кооз көрүнүп үлфетке (көнүмүш адат) тоскоол болбосо жетет. Кооз, жандуу, көз жоосун алган сулуулуктагы, толугу менен кышырсыз (кабыксыз), маңыз жана тышсыз ич болгон бейиште көз сыяктуу бүт адамдын сезимдери сөздөрү жумшак, жагымдуу болгон үр кыздардан жана үр кыздар сыяктуу жана андан да сулуу, дүйнөдөн келген бейиштеги дүйнө аялдарынан өз-өзүнчө ырахатын, ар кандай жыргалын сезгиси келет... Демек, үр кыздар бейиштин бөлүмдөрү зыйнатынан жетимиш түрүн, бир түрдүү болбогондуктан бир-бирин жаппай турган абалда кийип; өз денелеринен жана напси менен денелеринен, балким жетимиш даражага караганда өз-өзүнчө сулуулук менен жамалдын (жүз сулуулугу) бөлүмдөрүн көрсөтүшөт. [Sözler, s. 469-470]

Кийимдердин кооздугу жанакөп түрдүүлүгү:

landscape


Сапаттуу кездемелерден жасалган жагымдуу жана кооз кийимдерди кийүү бүт адамдарга жагат. Бейиштеги кийимдер дал ушундай болот. Дүйнө шарттарында кийимдер канчалык сулуу болбосун, дайыма бир кемчиликтүү болот. Бүт кийимдер убакыт өткөн сайын эскирип, өңү өчүп, адамга биринчи кийгендегидей ырахат бербей баштайт.
Бир адамдын дүйнөдө көп санда кийими болсо да, баары бир маанисиз болот, себеби ал кийимдерден алынган ырахат адамдын өмүрү менен чектелет.
Өлүм менен бирге, башка бүт буюмдар сыяктуу, булар да артында калат. Ал эми бейиш кийимдери болсо өтө сулуу жана ар түрдүү болот, жана түбөлүккө чейин бар болот.
Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын бейиш кийимдеринин бул өзгөчөлүгүн айткан бир хадиси төмөнкүдөй:
... Ал жерде кереметтүү сарайлар, кенен дарыялар, мол жана жетилген мөмөлөр, сулуу аялдар, түбөлүктүү көптөгөн жана түркүн түстүү кооз кийимдер бар. Ал жер бийик, кооз жана бейпил мекендерден жаркын өмүр сүрө турган бир жер... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 170/1]
Мындан тышкары, кийимдер ушунчалык көп болгондуктан, эч кимге жетпей калып, бир кыйынчылык туулбайт. Бир хадисте буга мындайча көңүл бурулган:
... Алардын ичинде жолуккан кишиси кийген кооз кийимдерге суктанып кызгана тургандай кайсы бир нерсеси кем болгон эч ким жок. Сүйлөп бүтө электе үстүнө андан да кооз бир кийим кийилип калат... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 325-326/563]
Бейиш калкынын кийимдери да эң жагымдуу жаратылган. Кийилген кийимдер бейиштеги кемчиликсиздик жана сулуулук ичинде эч бир кыйынчылыкка себеп болбойт. Дүйнөгө тиешелүү кемчиликтер –кийимдин эскириши, тырышышы, кирдеши ж.б.- да бейиште жок. Мындан тышкары, бейиште кийимдердин кездемелерин токуу, тигүү сыяктуу даярдоо этаптары да жок. Бейиште Аллахтан бир сый-немат катары бүт нерселер дайыма эч кемчиликсиз даяр турат. Бейиштеги ыймандуулардын кийимдери жөнүндө кабар берилген башка маалыматтар мындай:
... Бейиштин кийимдери токулбайт. Бейиштин мөмөлөрү жарылып, андан кийим чыгат... [Tezkire-i Kurtubi-1, s. 21]
Бейиште курма дарактарынын бутактары жашыл изумруд. Шактары кызыл алтын. Жалбырактары бейиш калкы үчүн кийе турган кийимдер. Анын бир бөлүгү кыска (ички) кийимдер, бир бөлүгү болсо ичи жасалгаланган тышкы кийимдер... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 314]
... Үстүндө жетимиш кабат кийими болот. Эң төмөнкүсү Туба дарагынан жасалган, гүл сыяктуу... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 99/8]
landscape

But Allah will admit those who have iman and do right actions into Gardens with rivers flowing under them where they will be adored with gold bracelets and pearls, and where their clothing will be of silk.
(Surat al-Hajj, 23)
Аяттарда да бейиштеги кийимдердин жибектен экени жана кооздолгону төмөнкүчө кабар берилген:
Алардын үстүндө жеңил жибек менен өтө кылдат жасалган атластан жашыл кийимдер бар... (Инсан Сүрөсү, 21)
Эч күмөнсүз Аллах ыймандууларды жана чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат; ал жердеги кийимдери жибек(тен). (Хаж Сүрөсү, 23)

Бейиштеги Tабият Cулуулугу

Бейиштеги Tабият Cулуулугу

Адамдын руху сулуулуктан, симметриядан, кооздуктан, тазалыктан, тартиптен, түс гармониясынан, кыскасы, кемчиликсиздиктен ырахат ала турган болуп жаратылган. Табияттагы бүт түстөр, пейзаждар да адамдын рухуна жага турган гармония менен сулуулукту чагылдырат.
Адамдардын ырахаттанып эс алуу үчүн тандаган жерлери да дайыма табигый сулуулуктарга бай жерлер болот. Көк майсаң, бак-дарактуу, деңиздин жээги же дарыянын бою сыяктуу жерлерде таза аба, жерге жана сууга жакын болуу адамдарга бейпилдик жана бакыт берет.
landscape



They will have fruits there and whatever they request. 'Peace!' A word from a Merciful Lord.
(Surah Ya Sin: 57-58)
Күн нурлары менен таза аба түздөн-түз кирбеген, табигый сулуулуктардан алыс жерлер болсо көбүнчө адамдарга жакпайт.
Адамдын табигый сулуулукту издешинин себептеринин бири – бул Аллахтын адамды бейиш сулуулуктарынан ырахат ала турган кылып жараткандыгы. Адам байкаса да, байкабаса да, негизи дайыма бейиш нематтарын эңсей берет. Аяттарда бейиштин табигый сулуулуктарга толо болоору төмөнкүчө кабар берилет:
Күмөнсүз, ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди жасагандарга болсо; алар үчүн астынан дарыялар аккан бейиштер бар. Чоң «кутулуу жана бакыт» мына ошол. (Буруж Сүрөсү, 11)
Ар кандай «назиктиктерге жана кооздуктарга» (же ар түрдүү жыш дарактарга) бай. (Рахман Сүрөсү, 48)

Бейиш дарактары:

Бак-дарактуу жерлер адамдар руханий ырахат алчу жерлерден болуп саналат. Адамдар имараттарга толгон шаар борборлорунда жашаганы менен, көбүнчө бак-дарактуу, көк майсаң чөптүү жерлерде болгулары келет. Бак-дарактуу бир жерге көз салуу же мындай сүрөттү кароо да адамдарга көп ырахат тартуулайт. Дүйнөдө көп пайдалары менен бирге жаратылган дарактар – Раббибиз адамдарга тартуулаган немат-сыйлардан. Кооз көрүнүшү, теңдешсиз түрлөрү, ар кандай түстөрү, салкындатуучу көлөкөлөрү менен дарактар адамдарга ырахат тартуулай турган кылып жаратылышкан. Аллах«Бойлору бир-бири менен жарышкан жана жыш дарактуу бакчалар» (Абаса Сүрөсү, 30) аяты аркылуу кабар берген дарактар акыретте бейишке тиешелүү жогорку өзгөчөлүктөрү менен жаратылган. Соолубастан, куурабастан, жалбырактары төгүлбөстөн, сулуу көрүнүштөрү менен дарактар да бейиштеги кемчиликсиздикте жаратылышкан. Төмөнкү хадистерде болсо дарактардын өзгөчө көлөкөсү бир бейиш нематы катары көп айтылат:
Бейиште ушундай бир дарак бар, бир атчан анын көлөкөсүндө жетимиш же жүз жыл жүрүп (да аягына чыга албайт). Ал түбөлүктүүлүк дарагы... Бейиште бир дарак бар, бир адам төрт жашка чыккан бир төө баласын же беш жашка чыккан ургаачы бир төөнү минип, анан дарактын түп жагын айланып баштаса, бир айланып чыга электе төө картайып кулайт... Анын жаңы бутактары бейиш дубалдарынын ар жагындагыларга жетет. Бейиштеги ар дарыя сөзсүз ал дарактын түбүнөн чыгат... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 311/513]
Бейиште бир дарак бар, улоочон (атчан) бир киши жүз жыл көлөкөсүндө жүрүп, аны кыдыра албайт. Кааласаңар төмөнкү аятты окугула: «Алар түбөлүктүү көлөкөдө, шаркырап аккан суу баштарында.» [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 427/9]
Куранда «көлөкөдө болуу» бир бейиш нематы катары төмөнкүчө айтылат:
Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизебиз. Анда алар үчүн таптаза жубайлар бар. Жана аларды «ысык да эмес, суук да эмес, дал көңүлдөгүдөй көлөкөгө» киргизебиз. (Ниса Сүрөсү, 57)
Такыба (Аллахтан корккон) адамдарга убада кылынган бейиш; анын астынан дарыялар агат, жемиштери менен көлөкөлөрү түбөлүктүү. Бул коркуп-тартынгандардын (бактылуу) натыйжасы, каапырлардын аягы болсо от. (Рад Сүрөсү, 35)
Өздөрү жана жубайлары көлөкөлөрдө, тактылар үстүндө жазданышат. (Йасин Сүрөсү, 56)
Күмөнсүз, муттакилер (Аллахтан корккондор) көлөкөлөрдө жана булак баштарында; (Мурселат Сүрөсү, 41)
Ал жерде тактылар үстүндө жазданып-сүйөнүшөт. Ал жерде (күйгүзүүчү) бир күн да жана тоңдуруучу бир суук да көрүшпөйт. (Инсан Сүрөсү, 13)
Бурмаланган Инжилде да бейиш жөнүндө Курандагы сүрөттөөлөргө окшош «... Күн да, күйгүзүүчү бир ысык да аларга тийбейт.» деп айтылат. (Иоаннга келген аян, 7-бөлүм, 16)
Бейиштеги табият сулуулуктары сүрөттөлгөн көп хадистерде Туба дарагынан жана анын өзгөчөлүктөрүнөн сөз кылынат. Бул дарак жөнүндө Пайгамбарыбыз (сав)дын сүрөттөөсү төмөнкүдөй:
... Туба бейиштеги бир дарак. Көлөмү жүз жылдык жерди ээлейт. Жана бейиш кийимдери анын бүчүрлөрүнөн жасалат. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 313/7]
Туба дарагынын өзгөчөлүктөрү теңдешсиз жана көлөмү өтө чоң. Ошондой эле, дүйнөдөгү себептер жоголгон бейиште бейиш кийимдеринин да ушул дарактан жасалаары айтылууда. Башка хадистерде Пайгамбарыбыз (сав)дын бейиштеги дарактар жөнүндөгү сүрөттөөлөрү болсо төмөнкүдөй:
... Бейиш дарактарынын ылдыйкы сөңгөгү бермет менен алтын, үстү болсо мөмө. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 315/523]
Бейиште сөңгөгү алтындан болбогон бир дагы дарак жок. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 427/10]
Бейиште Аллахтын теңдешсиз, чексиз жаратуусуна күбө болгонубуз үчүн, бүт нерсе мүмкүн. Мисалы, бейиш дарактарынын мөмөлөрү жакут, алмаз, сапфир сыяктуу баалуу таштардай көрүнүп, колго алганда жей турган абалга келиши да мүмкүн.
Бейиштеги дарактардын маңызын сураган бир сахабага Пайгамбарыбыз (сав)дын мындай деп айтканы риваят кылынган:
Ал дарактардын бутактары куурабайт, жалбырактары түшпөйт, суусу жоголбойт, мөмөсү түгөнбөйт. [İlahi Dinlerde Cennet İnancı, s. 54]
landscape


For those who have faith and do right actions there are Gardens of Delight.
(Surah Luqman: 8)

Бейиштеги дарыялар жана деңиздер:

Суу ошол аймакка береке берип, ал жерди жандантып тазалайт. Мындан тышкары, сууга жакын жерлерде климат да жашоого ыңгайлуу жана адамдардын көңүлүнө жага турган жылуулукта болот. Мына ушул себептен адамдар эс алуу үчүн деңиз, көл же дарыя жээгине жакын жерлерди тандашат. Куранда такыба кишилердин Аллахтан бир сый катары «бейиштерде жана дарыя баштарында» (Хижр Сүрөсү, 45) болоору кабар берилген.
Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде бейиштеги дарыялар көп айтылат:
Бейиш дарыялары мускус (жыпар) тоолорунун же мускус дөбөлөрүнүн астынан чыгат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 307/501]
Бейиште бал деңизи, шарап деңизи, сүт деңизи жана суу деңизи бар. Башка дарыялар ошолордон чыгат. [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s.409/10097]
Хадисте бейиште балдан, сүттөн, шараптан деңиздердин болоору айтылууда. Бирок бул жерде айтылган сүт, бал жана шарап дүйнөдөгүдөн такыр башкача, бейишке ылайык өзгөчөлүктөрү менен жаратылган. Бейиште булардын баары таптаза, ырахат тартуулаган ичимдиктер болот. Мисалы, бейиште тартууланган шарап дүйнөдөгүгө окшобойт. Бейиш калкын мас кылбайт, ичкендердин башын айландырбайт. Аллах бейиш үчүн даярдаган ичимдик «Аппак; ичкендерге ырахат (берүүчү бир ичимдик). Анда баш ооруу да жок, өздөрүнөн кетип, акылдары да тунарбайт» (Саффат Сүрөсү, 46-47) аяттары аркылуу Куранда сүрөттөлүүдө.
Мындан тышкары, бул мисалдар –сүт, бал жана шараптан дарыялар- бейиште Аллах ыраазы болгон кулдарды күтүп жаткан ар кандай сонун нерселердин болушу мүмкүн экенине ишарат кылууда. Сүт бат эскирип бузулуучу тамак болгонуна карабастан, бейиште сүттөн деңиз менен дарыялардын болушу ал жердеги нематтардын кемчиликсиздигине сонун бир мисал. Бейиш калкы кааласа мындай көрүнүштөрдү жаратуу Аллах үчүн өтө оңой.
landscape

But as for those who have iman and do right actions, We will admit them into Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever and ever. In them they will have spouses of perfect purity and We will admit them into cool, refreshing shade.
(Surat an-Nisa': 57)
Бул нематтар сүрөттөлүп жатканда дарыя жана деңиз сөздөрүнүн колдонулушу болсо өзгөчө бейиштеги молчулукка басым жасайт. Адамдар дүйнөдө бул нематтарды дайыма чектүү санда көрүшөт. Банкаларда, айнек идиштерде же кандайдыр бир идиште сатып алынган бул продукттардын бейиште суудай агып турушу, бузулбастан, кирдебестен, эң сонун даамда аларга мол мол таттырылышы өтө кубанычтуу бир сый-жакшылык жана кооздук.
Куранда да бул дарыялардын өзгөчөлүктөрү терең баяндалат:
Такыба ээлерине (Аллахтан корккондорго) убада кылынган бейиштин мисалы (мындай): ичинде бузулбаган суудан дарыялар, даамы өзгөрбөгөн сүттөн дарыялар, ичкендер үчүн ырахат берүүчү шараптан дарыялар жана таза балдан дарыялар бар жана ал жерде алар үчүн мөмөлөрдүн ар түрдүүсүнөн жана Раббилеринен бир кечирим бар... (Мухаммед Сүрөсү, 15)
Аятта сүт, бал, шарап сыяктуу бир канча немат мисал катары берилген. Бирок адамдын көңүлүнө жаккан кандайдыр бир нематтын дарыядай агышы, суудай мол, таза болушу, бузулбастан турушу да мүмкүн болушу ыктымал. Мындан тышкары, Аллах бейиште ичимдиктердин рюмкалар менен сунулаарын жана ал ичимдиктерден бейиш калкынын баштарынын оорубашын, өздөрүнөн кетип акылдарынын тунарбашын кабар берет. Аллах башка бир аятта «булактан (толтурулган) рюмкалар менен айланаларында жүрүшөт» (Саффат Сүрөсү, 45) деп билдирет. Ыймандуулар үчүн бейиште «аягы жыпар жыттуу, аралашмасы таснимден (бейиш суусунан), мөөрдүү, таза бир шарап» (Мутаффифин Сүрөсү, 25-27) даярдалган. (Тасним: бейиштеги булактардын бирөөсүнүн аты.)
landscape

An image of the Garden which is promised to those who have fear of ALLAH: in it there are rivers of water which will never spoil and rivers of milk whose taste will never change and rivers of wine, delightfulto all who drink it, and rivers of honey of undituted purity;..."
(Surah Muhammad: 15)
Аяттарда да айтылгандай, бул суусундуктардын жыты да сонун. Ошондой эле, бейиште деңиздердин астында, дарыялардын түбүндө биздин кыялыбызга да келбеген кереметтүү сонун нерселер да болушу мүмкүн. Аллах каалаган адам эч дем алуу кыйынчылыгысыз сууга чумкуй турган, деңиз астындагы сулуулуктарды куралсыз көз менен тунук көрө турган кылып коюшу мүмкүн. Дүйнөдө даректүү тасмалар менен гана көрүүгө мүмкүн болгон деңиз астындагы сулуулуктар бейиште ыймандуулар эч кыйынчылыксыз көрө ала турган жана өтө ырахат ала турган абалда болушу мүмкүн

Бейиш топурагынын кооздугу:

Бейиштеги топурактын кооздугу Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде төмөнкүдөй айтылган:
Бейиштин тигиле турган дарактарын көп тиккиле. Себеби анын суусу таттуу, топурагы сонун... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 72/14]
Бейиш имараттарынын бир кирпичи алтын, бир кирпичи күмүш, аралашмасы жыпар жыттуу, шагылы бермет жана топурагы болсо заапаран (шафран)... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 200/6]
Хадисте бейиштеги топурак заапаран аттуу, баалуу бир өсүмдүктөн алынган бир специяга окшотулган. Бул өсүмдүк ванилла сымал ароматы, жандуу, жалтырак, алтын сыяктуу өңү менен специялар арасында маанилүү бир орунга ээ. 1 кг заапаран (шафран) алуу үчүн 70000 менен 250000 арасы гүл чогултуу керек болот. Бүгүнкү күндө заапаран өндүрүшү барган сайын азайып баратат. Мунун эң негизги себеби болсо ал өсүмдүктү өстүрүүнүн кыйындыгы. Себеби заапарандан 3-4 жылда гана түшүм алынат. Дүйнө шарттарында өстүрүү өтө оор болгон жана көп эмгек талап кылган бул баалуу өсүмдүктүн бейиште топуракты түзө тургандай көп санда болушу ал жерде нематтардын сансыз болооруна ишарат кылууда. (Туурасын Аллах билет.)
landscape

The people with taqwa will be amid shade and fountains and have any fruits that they desire: 'Eat and drink with relish for what you did.
(Surat al-Murselat: 41-43)

Бейиштин кенендиги:

Аллах Таала бейиш калкын бейиште жайгаштырганда, кенен жер артып калат. Аллах Таала ал жерге ар бири жаратылгандан аягына чыга турган күнгө чейинки дүйнөдөн да чоңураак болгон, үч жүз алтымыш ааламды жайгаштырат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 30/5]
Пайгамбар Мырзабыз (сав) бул хадисинде көңүл бургандай, бейиште кенендик, бейпилдик бар. Куранда тозок жөнүндө айтылган тар жерлерге тескерисинче, бейиш кенен жерлерден турат. Себеби адамдын руху көз алдынын ачык болушунан, кенен жерлерден ырахат ала турган кылып жаратылган. Куранда бейиштин кенендиги төмөнкүдөй айтылат:
Раббиңерден болгон кечиримге жана туурасы асмандар менен жердей болгон бейишке (жетүү үчүн) жарышкыла; ал муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн даярдалган. (Али Имран Сүрөсү, 133)
landscape


Allah expands provision to anyone He wills and restricts it. They rejoice in the life of this world. Yet the life of this world, compared to the akhira, is only fleeting enjoyment.
(Surat ar-Ra'd: 26)

Бейиштеги Cонун Жыттар

Бейиштеги Cонун Жыттар

Сонун жыт Аллах адамдарга тартуулаган өтө сонун бир немат. Бирок дүйнөдө эң сонун жыттын таасири да өтө кыска убакытка созулат.
Жыт молекулаларынын абада таркашы жана мурундун белгилүү убакыттан соң ал жытка көнүп калышы ал нематтан алынган ырахатты чектейт. Ошондуктан жыттын сонундугунан тышкары туруктуулугу да чоң мааниге ээ. Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадистеринде бейиштеги жыттардын сонундугуна жана таасирине төмөнкүчө ишарат кылган:
landscape


Бейиш аялдарынан бир аял жер жүзүн караса, жыпар жытынан жер жүзү толмок жана жүзүнүн нуру күн менен айдын жарыгын басып коймок. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 355/5]
Эгер бир үр кызы манжаларынын бирөөсүн дүйнөгө көрсөтсө (жер жана асмандагы) бүт жандуулар анын жытын сезмек. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 355/4]
Бейиштин жыты беш жүз жылдык жерден сезилет. Бейиштин ал жытын акырет иши менен дүйнөнү талап кылган киши сезе албайт. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 292/3]
Пайгамбарыбыз (сав) «... азыктардан жыттардын эң жагымдуусу, эң сонуну үрөн болот.» хадиси аркылуу болсо бейиш тамактарынын жыттарынын сонундугун кабар берет. [Kütüb-i Sitte-14, s. 448/3]
Тамактардын даамын сезишибизде жыттын өтө чоң салымы бар. Мисалы, бышкан бир какаолуу кекстин жагымдуу болушунун себеби – айланага тараган какао жана ванилла жыты. Ошол сыяктуу, шишкебекте бышкан эттен, апельсинден, помидордон, кофеден же башка бир тамак же суусундуктан ырахат алышыбыздагы себептердин бири ал тамак же суусундуктардын жыты болот. Жыт сезүү органыбыз болбогондо жегендерибизди бир-биринен айырмалашыбыз, ар кандай даамдарды сезишибиз мүмкүн болмок эмес. Бул жагынан жыттын даамдуу нематтардан алынган ырахатты толуктоочу бир тарабы бар.
landscape


Бейиштеги жыттардын сонундугу айтылган башка бир хадис болсо мындай:
... Анан шимал (түндүк) шамалы согуп, аларды жүздөрүнө жана кийимдерине эң сонун жыт түрлөрүн чачат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 325/562]
Бир хадисте болсо жыты менен көңүл бурган өсүмдүктөр айтылат:
Сөзсүз, кына (бойогу жана жыты) бейиш жыттарынын башы... Аллах Таала бейишти жаратканда аны (сонун) райкан жыты менен курчап, райканды болсо кына (жыты) менен толук орогон... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 342/619]
Хадистерде айтылган райкан – сонун жыты менен белгилүү болгон бир өсүмдүк. Бирок биз билген, тааныган жыттар да бейиште такыр башкача, көңүлүбүзгө өтө жага турган абалда болот. (Туурасын Аллах билет.)
Мындан тышкары, бейиштеги жыттар адамдарга ырахат бере турган немат максатында жаратылгандыктан, дүйнөдө көп кездешкен жагымсыз жыттардын эч бири ал жерде болбойт. Жаман жыттар адамдарга дүйнөнүн кемчиликтерин эстеткен, алардын бейишти самашына себепчи болгон дүйнөгө тиешелүү кемчиликтер болуп саналат. Бейиште мындай кемчиликтер алып салынат жана адам руху ырахат ала турган жагымдуу жыттар бүт тарапты каптайт. Пайгамбарыбыз (сав) бир куттуу хадисинде бейиш жөнүндө «... Ар тарабынан сонун жыттар жайылат...» деп билдирген. [Ramuz el-Ehadis-1, s.170/1]

Бейиштеги Yндүн Жана Mаектердин Cонундугу

Бейиштеги Yндүн Жана Mаектердин Cонундугу

Дүйнөдө Куран ахлагынан алыс жашаган адамдардын кайгырып, тынчсызданышынын себептеринин башында көңүл оорутуучу, басмырлоочу, күмөн жаратуучу, үмүтсүздүккө түртүүчү, жалган, терс сөздөрдү дайыма угушу турат. Сөздөрүндөгү кичинекей эле бир терс сөз да эң сонун абалды оңтойсуз кылып койот. Ал эми чын жүрөктөн айтылган бир комплимент, кадыр-баркын көтөрүүчү, кубантуучу, ишеним жана үмүт бере турган бир сөз, чын жүрөктөн айтылган сөздөр болсо кээде кишиге айланасындагы нематтардан көбүрөөк маанилүү болот. Дүйнөдө адамдар көңүлүнө жакпаган, терс сөздөрдү көп угушат. Ал эми бейиште болсо мындай сөздөрдүн жок экенин, ыймандуулардын өтө сонун чөйрөлөрдө маңдай-тескей маек курушаарын Аллах бизге кабар берет. Аллахтын сүйгөн жана бейишине кабыл алган чын ниеттүү кулдары менен маек куруудан тышкары, ар кандай жалган, бош жана терс сөздөрдөн алыс болуу ыймандуулар үчүн өтө чоң бир немат болот. Аллах бир аятта мунун кулдары үчүн өтө чоң бир берешендик экенин билдирет:
Ичинде «бош жана тантык бир сөздү» да угушпайт, жалганды да. Раббиңден бир сыйлык катары жетиштүү бир берешендик (бул). (Небе Сүрөсү, 35-36)
Пайгамбар Мырзабыз (сав) болсо бейиштеги сөздөрдүн сонундугуна төмөнкүчө көңүл бурган:
landscape


Бейиш кишиси ушундай киши: Аллах анын эки кулагын адамдардын ага болгон жакшы мактоолору менен толтурат. Жана ал болсо аны угат. Тозок кишиси ушундай бир киши: Аллах анын эки кулагын адамдардын аны жамандаган сөздөрү менен толтурат жана ал болсо аларды угат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 155/2]
Мындан тышкары, хадистерде ыймандуулардын дүйнөдөгү чын жүрөктөн болгон маектеринин акыретте да уланаары кабар берилет. Бейиште ыймандуулардын өз ара маектешип жатканда дүйнө жашоолорунда кылгандарын эстешээри бир хадисте төмөнкүдөй айтылат:
Бейиштиктер бейишке жайгашканда бир туугандардан кээ бирлери кээ бирлерин көргүлөрү келет. Бирөөсүнүн диваны экинчисинин диванына, экинчисиники болсо беркинин диванынын жанына барат. Алар табышканда экөөсү тең жазданышат жана дүйнөдө араларында болгон нерселерди сүйлөшүп башташат. Бирөөсү мындай дейт: «Эй бир тууганым, эсиңдеби биз дүйнөдө баланча мечитте Аллахка дуба кылган элек, мына Аллах бизди кечирди.» [Ramuz el-Ehadis-1, s. 29/12]

Бейиштеги үндүн кооздугу:

Бейиште үндүн кооздугу да ыймандууларга өзүнчө бир немат катары берилет. Өтө бийик бир үн, шуулдаган, тунук эмес бир музыка, ызы-чуулуу бир жер, өтө бийик үн менен иштеген бир мотордун үнү же бир сирена үнү кыска убакытка эле созулса, бүт баарыбыздын тынчыбызды алат. Айкырган, күчтүү оору же азаптын натыйжасында чыккан үндөр да адамдарга тозокту эстеткен үндөр болуп саналат. Пайгамбарыбыз (сав) хадистерде айтуусу боюнча, бейиште болсо бүт адамдардын өз үнү да өтө кооз болот жана кулактарына келген бүт үндөр да көңүлүнө жага турган болот. Туурасын Аллах билет. Куттуу хадистерде бейиштеги үндүн кооздугуна төмөнкүдөй көңүл бурулган:
landscape


Бейиште үр кыздардын чогулмай жерлери бар. Үндөрүн көтөрүшөт, жаратылгандар алардын үнүндөй сонун бир үндү ага чейин эч укпаган болушат... [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı, s. 409/10099]
Бейишке кирген ар бир адамдын башы жана буту жагында эки үр кыз турат жана адамзат менен жиндер уккан эң сонун үн менен ыр окушат... [Ramuz el-Ehadis-2, s. 384/7]

Бейиштеги Tүбөлүк Жашоо Жана Жаштык

Бейиштеги Tүбөлүк Жашоо Жана Жаштык

Адам өмүрү дүйнөдө орточо 6-7 даана 10 жылдан турат. Бул өтө кыска убакыт. Куранда акырет күнү дүйнө жашоосу жөнүндө өз оюн айткан адамдардын сөздөрү да муну тастыктайт.
«Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» деди. «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк болдук, эсептегендерден сура» дешти. (Мүминун Сүрөсү, 112-113)
Ал эми бейиште болсо адамдын өмүрү чексиз. Аллах «Ал жерде биринчи өлүмдөн башка өлүм татышпайт...» (Духан Сүрөсү, 56) аятында билдиргендей, адам өзү да өлүмсүз болот жана айланасындагы немат-жакшылыктар да түбөлүккө уланат. Түбөлүк деп оңой гана айтып койгон түшүнүк жөнүндө жакшылап ойлонуу керек. Себеби бул жерде жүз, миң же миллион жыл эмес, эч бүтпөгөн бир мөөнөт айтылып жатат. Ошондуктан бейиште эч ким дүйнөдөгүдөй убакытты санап, ойлонбойт. Өмүр түгөнбөйт да, азайбайт дагы. Аллах бул чындыкты бир аятта төмөнкүдөй кабар берет:
Бактылуулар болсо, эми алар бейиште. Раббиңдин каалоосунан тышкары, асмандар менен жер турганда, ал жерде түбөлүк болушат. (Бул) эч түгөнбөгөн бир берешендик. (Худ Сүрөсү, 108)
Башка бир аятта болсо Аллах бейиш калкы жөнүндө «Айланасында өлүмсүздүккө жеткен жаштар айланып турат;» (Вакыа Сүрөсү, 17)деп, жаштык менен өлүмсүздүктүн бейиште бир немат болооруна көңүл бурат.
Бейиштеги түбөлүк жашоо хадистерде төмөнкүчө кабар берилет:
Тозок калкына: «дүйнөдөгү таштардын санынчалык тозокто болосуңар» деп айтылганда, аны менен көңүлдөрү жеңилдемек. Бейиш калкына да: «таштардын санынчалык болосуңар» деп айтылганда, кайгырышмак. Бирок аларга түбөлүктүүлүк мукаддер (саны дайындалып, тагдыр кылынган) кылынды. [Ramuz el-Ehadis-2, s.358/6]
... Ал жерге кирген кишиге нематтар муктаждык сезбестен келет. Ал жерде түбөлүк жашайт. Өлбөйт, кийими эскирбейт жана жаштыгы да кетпейт. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 200/6]
... ал жерге кирген бактылуу болот, бактысыз болбойт, түбөлүктүү болот, өлбөйт. Кийгендери да эскирбейт, жаштыгы да түгөнбөйт. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s.408/10088]
landscape


Seeing them, you see delight and a great kingdom. They will wear green garments of fine silk and rich brocade. They will be adorned with silver bracelets. And their Lord will give them a pure draugth to drink.
(Surat al-Insan: 20-21)
Инжилде болсо түбөлүк жашоо жөнүндө мындай деп жазылган:
Жанын сүйгөн аны жоготот. Бирок бул дүйнөдө жанын унуткан аны түбөлүк жашоо үчүн сактайт. (Иоанн, 12-бөлүм, 25)
... өзүңөрдү өтө ыйык болгон ыйманыңардын негизинде өнүктүргүлө... силерди түбөлүк жашоого жеткире турган мээримин күтүп өзүңөрдү Аллахтын сүйүүсүндө сактагыла. Олку-солку болгон кээ бирлерге мээримдүүлүк кылгыла. Кээ бирлерди оттон алып калып куткаргыла... Куткаруучубуз жалгыз Аллах силерди жыгылуудан сактап, Өзүнүн улуу даңкынын алдына чоң кубаныч ичинде кемчиликсиз чыгарууга кудуреттүү... (Иуданын каты, 20-24)
... араңарда кийимдерине кир жугузбаган бир канча киши бар, алар актар ичинде мени менен бирге басышат. Себеби ошого ылайыктуулар. Жеңүүчүлөр ушундай ак кийимдерди кийет. Мындайдын атын жашоо китебинен эч качан өчүрбөйм... (Иоаннга келген аян, 3-бөлүм, 4-5)
... Дүйнө курулгандан бери силер үчүн даярдалган падышачылыкты мураска алгыла... Булар түбөлүк азапка туш болушат, тууралар (чынчылдар) болсо түбөлүк жашоого жетишет. (Матфей, 25-бөлүм, 34-46)
Дүйнөдө бир адам канчалык сулуу, канчалык бай, канчалык ден-соолугу чың болбосун, баары бир сөзсүз бир күн өлүм келет. Ошондуктан дүйнө шарттарында бүт баарынан бай болсо да, ал мүлктөрдүн бир күнү бүтүшү аларды кемчиликтүү кылат. Дүйнөдө немат-жакшылыктардын кемчиликтүү болушунун бир сыры ал нематтардын бейиштеги чыныгыларын самашыбыз үчүн. Дүйнөдөгү бүт сулуулуктар, алган ырахаттарыбыздын баары бир жагынан кемчиликтүү, экинчи жагынан болсо убактылуу, утурумдук. Ал эми бейиште болсо бул нематтар убакыт менен себептерден көз-карандысыз жаратылган. Ошондуктан бейиште нематтар дайыма бар болот. Аяттарда Аллах бейиштеги нематтардын үзгүлтүксүз, дайыма бар болушун төмөнкүдөй сүйүнчүлөйт:
Раббилери аларга Өз Кабатынан бир мээримди, бир ыраазычылыкты жана алар үчүн тынымсыз бир немат-жакшылык болгон бейиштерди сүйүнчүлөйт. Ал жерде түбөлүк жашашат. Күмөнсүз Аллах Кабатында чоң сыйлык бар. (Тообо Сүрөсү, 21-22)
Ал жерде түбөлүк жашашат, андан чыккылары келбейт. (Кехф Сүрөсү, 108)

Бейиштеги түбөлүк жаштык:

Куран ахлагынан алыс жашаган адамдар жаш кезинен эле улгайуудан коркуп жашашат. Бир тараптан, улгайганда ооруп, алсыз болуп калаарын ойлоп, экинчи тараптан болсо ошол кезде мени карай турган бирөө болобу деп көңүлү түйшөлөт. Ушул сыяктуу ойлордон улам көп адамдар улгайууга өтө пессимисттик көз-караш менен карашат.
Адам денесинде 20 жаштардан баштап клеткалардын жаңылануу ылдамдыгы жайлап, тери мурдакы ийкемдүүлүгүн жоготуп баштайт. Бир канча жыл өткөн соң теринин улгайып баратканы даана көрүнүп баштайт. Бул адамдарды өтө кайгыга салат. Жаштыктарынын көз алдында колунан чыгып баратканына кайгырышат. Албетте, бул ыймансыз (атеист) адамдарга тиешелүү. Себеби ыймандуулар убактылуу дүйнө жашоосунда туш болгон бүт кемчиликтер, оорулар жана алсыздыктарда Аллахка тобокел кылышат (таянышат). Бир ибадат катары колундагы бүт себептерди жасайт, бирок дин ахлагынан алыс жашаган адамдардай коркуп, тынчсызданбай өмүр сүрөт. Ошондой эле, дүйнөдөгү сулуулуктардын атайын кемчиликтүү жаратылганын, чыныгы жашоонун акыреттеги түбөлүк жашоо экенин билип, бейишке жетүү аракети жана үмүтү менен жашашат.
landscape

Gardens of Eden, whose gates will be open to them, where they will recline, calling for plentiful fruit and drink; and there will be dark-eyed maidens with them with eyes reserved for them alone. This is what you are promised on the Day of Reckoning.
(Surah Sâd: 50-53)
Дүйнө жашоосу утурумдук, убактылуу бир мекен. Аллах бүт нематтардын чыныгыларын акыретте жаратат жана чын ыкластуу (чын ниеттүү) кулдарына тартуулайт. Бейиште адамдар дайыма жаш, сулуу, ден-соолугу чың жана энергиялуу болушат.
Дүйнө шарттарында бир адам канчалык узун өмүр сүрбөсүн, улгайуу белгилери канчалык кеч келбесин же канчалык ден-соолугу чың болбосун, баары бир өмүрү бир күн сөзсүз түгөйт. Куран аяттарында жана Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде болсо, бейиш нематы (сыйы) катары жаштыктын түбөлүккө уланаары айтылат:
Бейиште сурмалуу жана сакалсыз абалда Йусуф (а.с.) сулуулугунда, Аййуб (а.с.) сүйүүсүндө жана отуз жаштардагы бир улан-кыздар болуп киресиңер. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 249/15]
Адамдар, жаш баладан улгайган кишиге чейин баары, отуз үч жаштагы жаштар абалында, Адам (а.с.) табиятында жана Йусуф (р.а.) сулуулугунда, Аййуб (а.с.) адеп-ахлагында сурмалуу жана жасанып тирилишет.(Жана ошол абалда бейишке киришет.) [Ramuz el-Ehadis-2, s. 507/6]
Отуздун тегерегиндеги жаштар адамдын кулк-мүнөзү жетилип калынтанып, жүзү, сүйлөө калыбы, кыймыл-аракети жагынан жаштыктын эң жакшы доору болуп саналат. Бирок, бейиштеги энергиялуулук менен жаштыктын да дүйнөдөгүдөн такыр башкача экенин унутпаш керек. Себеби дүйнө шарттарында жаш бир адам да көп алсыздыктар ичинде жашайт. Аллах бейиш калкын акыретте ар кандай кемчиликтен алыс жаңы бир табиятта жараткан. Аллах бул бейиш нематын бир аятта төмөнкүчө кабар берген:
Айланаларында (жаштыгы жана энергиялуулугу) түбөлүктүү кылынган сулуу кыз-жигиттер айланып турушат; сен аларды көргөндө чачылган берметтер экен деп ойлойсуң. (Инсан Сүрөсү, 19)
landscape

Ageless youths will circulate among them, serving them. Seeing them, you would think them scattered pearls.
(Surat al-Insan: 19)

Бейиш калкынын бирдей куракта (жашта) болушу:

Бейиш калкынын бирдей жашта болушу Аллахтын өтө чоң бир сый-нематы. Жаштагы айырма дин ахлагынан алыс жашаган адамдар арасында көбүнчө жылуу мамиле түзүлө албашына себеп болот. Көбүнчө бир курактагы адамдар өз ара жылуу мамиле түзө алганы үчүн топторго бөлүнүшөт. Албетте, Мусулмандарда мындай болбойт. Мусулмандар кандай куракта болбосун, бир-бири менен өтө жакшы түшүнүшүп, өздөрүнөн кичине же чоң болсун бүт адамдар менен эч кыйынчылыксыз достук кура алышат. Бейиште Мусулмандардын бирдей куракта жаратылышы болсо Аллах тартуулаган өзүнчө бир немат-жакшылык болот. Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде бейиш калкынын жашынын түбөлүккө өзгөрбөшүн кабар берет:
Бир адам бейиштик болуп өлсө, чоң же кичине, жашы кандай гана болбосун, отуз жаштагы бир адам болуп бейишке кирет жана анан бул жаш түбөлүккө өзгөрбөйт. Тозоктогуларда да ушундай. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 450/5]
Куранда бейиштиктердин бир куракта болоору айтылган башка аяттар болсо мындай:
Аларды дайыма кыз бойдон кылып жараттык, жубайларына ашык (жана) бирдей куракта, (Вакыа Сүрөсү, 36-37)
landscape

...They will have Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever and ever. Allah is pleased with them and they are pleased with Him. That is the Great Victory.
(Surat al-Ma'ida: 119)